whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
20.1 C
Бишкек

Асыранды

Ал адаттагысындай эле секелек кызын шаардын орто чениндеги чайканага калтырды. Менин кызыма көз сала туруңуз деп жашы улгайып калган чайканачыга дайындап, өзү күнүмдүк жумуштары менен базарга кетти. Өзү кайда барбасын ушул секелегин жанынан чыгарбайт. Адат болуп калган. Анан эмне кылсын. Бул жашоодогу болгон кубанычы, жөлөгү, таянычы ушунусу. Жанында жок болсо эле кыйпычыктап издеп калат. Жума сайын үйүнөн топтогон жумурткасын, жаңы союлган коёндун этин базарга апкелип соодалап, үйүнө зарыл болгон азык-түлүктү камдап кетет. Базар аралап чарчап-чаалыкпасын деп дайыма кызын ушул чайканага калтырат. Секелек кызга эмне, апасынын айтканын айткандай аткарып, эки жакка кетпестен  өзү менен өзү алаксып, ойноп жүрө берет. Кыз да буга көнүп калган.

Апасы да көңүлү жайланып, кылчактабай базар-учарын бүтүрөт. Базарлыгын жасап, үйдөгүлөрүнүн кем карчын толуктап, камын көрүп жүрөт. Антпесе да болбойт. Бул бүлөгө келин болуп келгени, ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган чагында, жаңы келин болуп келгенине ай өтпөй алган жары да эл катары майданга аттанып кетпедиби. Ошентип ал күйөөсүнүн да ордун басып, орозгердин жоопкерчилигин да, түйшүгүн да өзү тартып калган.

Анан калса бул чүрпөсү эс тартып, мектепке бара турган болуп калганына да өзүнчө курсант. Кем-карчын толуктаган соң эми кызына да мектепке кийчү кийим-кечесин алайын деп башка базарды да кыдырып кетти. Ошентип күндөгү кайтып келчү маалдан да кечикти. Күн түштөн ооп, улам кеч кире баштаган сайын кызын ойлоп тынчы кете баштаган. Эмнегедир мурдагыдай болбой, жүрөгү бир нерсени туйгансып түпөйүл тартып, өзүн кызыктай сезип, кызын калтырган чайканага жетүүгө шашты.

Арышын кере таштап чайканага жакындаган сайын кызын көрүүгө ашыгат. Жүрөгү опкоолжуйт. Эч нерседен бейкапар ойноп жаткан кызынын жанында турган чоочун кишини көргөндө, жүрөгү жамандыкты сезгендей кабынан ыргып кете жаздады. Ал чайканага жакындай бергенде баягы бегаана киши алдынан тосо чыкты.

– Саламатсызбы, мен сизди күтүп жаттым эле. Атым Хусанбай,-деп өзүн тааныштырды. Кеп төркүнү кайда кетип жатканын тулку бою менен сезсе да, сыр бербегенге аракет кылды.

– Саламатчылык, мен сизди билбейт экемин. Менде кандай ишиңиз бар эле, – деп өзүн токтоо кармаганга аракеттанип, сыр бергиси келбейт.

– Сиз чочубаңыз, мен баарын уктум, ыраматылык аялым өлөөрүндө “кызым сууга аккан эмес, тирүү”, деп айтып кеткен эле. Ошентип бир кызым сизге кыз болуп калыптыр. Мен сизге ыраазымын. Кызымды асырап алып, ачарчылыкта өлүмдөн куткарып калыптырсыз. Уккандан кийин ыжданым чыдабады. Кандай болуп калды экен деп, бир көрүп көңүлүм жай алсын деп сизди сураштырып таптым. Мынавы ойноп отурган кыз менин кызым экенин тааныдым. Башка эже-сиңдилерине окшошуп турат айланайыным, – деп алдынан утурлай баскан адам өзүн тааныштыра кетти.

Мындайды күтпөгөн Фатима ушунча мээнет менен, түн уйкусунан кечип, ооруса кошо ооруп, ыйласа кошо ыйлап, азабын тартып чоңойтуп алганда колунан сууруп алып кетчүдөй сезилип кетти. Заманасы куурулуп, эмне кылышын билбей бир топко сөзгө келбей өзүн жоготуп да койду.

Кантсе да сыр алдырбаганга аракеттенип, өзүн токтотту. Анын сөзүн андан ары угуш кайда, кайра өзүн качырып сала берди.

– Хусан-мусаныңды билбейм. Эмне деп дөөрүп атасың. Жолобо менин кызыма. Бул менин өзүмдүн тууп түшкөн кызым. Көрдүңбү, эми жолуңа түш. Менин көзүмө көрүнчү болбогун. Болбосо биерде турган Кара Багыш туугандарыма айтып сазайыңды бердирип коём. Жок болуп кетесиң. Жоголгун кызымын жанынан. Бул менин өзүмдүн кызым, түшүндүңбү,-деп албууттанган Фатима өзүн араң токтотуп, ачуусу менен дагы бир топко сүйлөнүп, кызын колунан жетелеген бойдон кетти айылына.

Мындай орой мамилени күтпөгөн Хусанбай да өзүнүн абалынан чочулап, артынан түшкөн жок. Бул аялдын албууттанган жүзүнөн чындап эле чочуду. Бул кебетесинде айтканынан кайтчудай түрү жок. Кантсе да кызынын аман-эсен бардыгына тобоо келтирди. Аман болсок акыры бир күнү табышарбыз деп кала берди.

Акыры бир күн ушундай болмок. Болору болду, боёсу канды. Эми эмне кылмак. Жан дүйнөсү жабыгып, түркүн ойлорго баткан Фатима артында тыпылдап ээрчип келаткан кызын да унутуп койгондой. Көз алдына буга чейинки көргөн азап-тозогу, уйкусуз түндөрү, ушул ымыркай кызы үчүн болгон далалаты качандыр бир көргөн эски кинодой болуп тартылып келет.

– Апаа, апа дейм, чарчадым, токточу, – деп этегинен тартып безилдеген кызы гана аны эсине келтирди. Өз ойлорунан селт этип чочуган Фатима ошондо гана өзүн токтотуп, кызын кучактай калды да жүзүнөн ылдый куюлуп келаткан көз жашын жашыра жол жээгине отура кетти. Кызы турмак өзүнүн да чарчаганын ошондо гана сезди. Дайыма сала жүрчү суусундугунан ууртатып, өзү да чаңкоосун басып, кызынын чачынан жыттап-жыттап алды да жол боюнда шалдырап отуруп калды. Артынан куугун келаткансып, катуу баскандан өзүнүн да өпкөсү көөп калганын ошондо байкады.

Көпкө отурганга да болбойт. Күн кечтеп барат. Көз алдына кызынын кантип чоңойгону тартылат. Тили чала чыккан кыздын “Апаа, нан” деп алгачкы жолу так сүйлөгөн күнүн эстейт.

***

Кан күйгөн согуш улам күчөгөн сайын элдин турмушу да оордой баштаган кез. Колхоз болсо тапкан-ташканын шып-шыргасын калтырбай фронтко жөнөтөт. Таң азандан кеч күүгүмгө чейин талаада иштешет. Кечке иштеген эмгек акысы эптеп-септеп жабылган бир нан. Анысынан да “күн көрүнүп” турат. Айла жок. Ачкадан өлгөнчө эптеп иштеш керек.

Ушундай күндөрдүн биринде айыл аралап ар кимден жумуш сурап, жан багып жүргөн чоочун келин пайда болду. Бечара үч баласы менен эртелеп Өзгөндөн чыгат. Колунда көтөргөн ымыркайы бар. Эки кызы артынан ээрчип алат. Балдарына улам кылчактап, өзү да чарчаганда отура калып жүрүп отурат. Болгон үмүтү эле эптеп Мырзакеге жетсе балдары жегидей нан табылар дегени. Бышыкчылыкта талаадан машак терет. Кээде ар кимдин жумушун кылат. Кээде кеч болуп калганда айылдагы бирөөлөрдүн үйүнө түнөп да калат. Анан кантсин, күн сайын Өзгөнгө барып келиш жаш балдары менен оңой иш эмес.

Байкуш келиндин ал-акыбалын сыртынан байкап жүргөнбү же боору ачыганбы, айтор Фатиманын орто жашап калган абысыны Калбү эже үч кызы менен келинди ээрчитип келип калды. Ал чү деген жерден эле маселени кабыргасынан койду.

– Ээ Фатима, мынавы мен ээрчитип келген келинди сен деле көрүп жүрөсүң. Бечара үч кызын багам деп өзү да жыгылайын деп калыптыр. Минтип жүрсө өзү да, балдары да ачкадан өлүп калышы мүмкүн. Андан көрө сен бирөөсүн алып багып алчы, өлбөй аман чоңойсо сообуна каласың. Карачы, колундагы кийинекейи араң эле жаны калыптыр арыктап.

Мындайды күтпөгөн Фатима да эмне дешин билбей апкаарып калды. Тиги келин болсо көзүнөн мончок жашын агызып, аргасыздан бул эжени ээрчип келгени көрүнүп турат. Чындыгында эле өзүнүн да, балдарынын да абалы оор эле. Ачарчылыктын азабы күн сайын кекиртектен алып, айласын кетирип, муунтуп баратканы көрүнүп турат. Үч баланын курсагын тойгузуп, багыш оңойбу. Ач-ток жүрүп, ушу балдарым жесин деп тапканын ушулардын оозуна тутуп, өзү теңселип араң басып калган.

Күтүлбөгөн сунушка дароо жооп бериш да кыйын. Эмнеси болсо да чай-пайын коюп, мобу көздөрү жалдыраган наристелердин курсагын тойгозгончо сүйлөшөлү деди өзүн токтотуп.

– Күйөөм согушка кеткени тиричилик кыйындап калды. Тууган-туушкан, кошуна-колоңдун деле акыбалы оор. Кээде бир тиштем наны жок калабыз. Айла жок карандай суу кайнатып берем балдарыма. Шаарда иш жок. Айылга барып, эптеп жан багарбыз деп алыс жол басып келем күнүгө. Эптеп бир сындырым нан болсо да тапканым ушуларга,-деп өз тагдырын, оор турмушун айтып ыйлап отурду.

– Колундагы кичинекейи өтө эле алсыз экен. Ушунусун алып багып алчы бай болгур. Балдардын сообуна эле каласың, – деп абысыны айтканынан кайтчу түрү жок, өктөм сүйлөп отурат.

Фатимага болсо ортомчу кызы жагып калды. Бакса багып деле алайынчы деген ойго келгенде эле эмнегедир ушул кызга көзү түштү.

– Күйөөм согуштан келип, “кызым кана” десе эмне деп жооп айтам”, – деп ыйлайт байкуш келин.

– Ачкадан өлтүрүп алганың жакшыбы, андан көрө “Жазынын суусуна агып кетти”, деп койгонуң дурус. Көп ыйлактаба эми. Андан көрө балдарыңдын амандыгын ойло. Көрдүңбү, кайсы кызыңды берсең да, бул үйдө курсагы ток болот. Фатима болсо биздин айылдын тың келиндеринин бири. Турмушу жакшы. Көп сарсанаа болбой бир чечимге келгин, – деп кесе сүйлөдү абысыны. Кантсе да көптү көргөн аял да. Экөөнүн акыбалын тең баамдап турат.

Тиги келин үч баласын бага албай, айласы кетип турса, Фатима болсо тотугуп баратса да бала жытын жыттай элек. Качан бала көрөрүн да Кудай билет. Алган жары болсо бир айга жетпей эле майданга аттанып кеткен. Ал да кабарсыз. Же кат жок, же кара кагазы жок, арасат.

Эми гана жаңы келин болуп, ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турганда , күйөөсүнүн койнунда куландай туйлап, эркелеген күндөр бир көргөн жакшы түш сыяктуу элесинде калды. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы. Жок дегенде күмөндүү болуп калса эмне. Асылымдан калган эрмегим деп көз жарып албайт беле. Фатимага Кудай аны да насип кылбаптыр. Ичинен үмүт кылганы менен эч нерсе байкалбады.

Ашыктык отуна алоолоп жүрүп алган жары Таштан да кылчактабай айылдаштары менен чогуу аттанып кетти. Анан эмне кылмак эле тигинтип батышта өрт күйүп жатса. Айылдагы теңтуш досторунан болгон Бектен менен чогуу экенин, аскер иштерин үйрөнүп, согушка киргенге даярдыкта жүргөндөрүн кат аркылуу кабарлап турду. Кийин кан майданда да Бектен менен чогуу экенин жазган. Анан эле почточу булардын үйүнөн алыстан айланып кетчү болду. Фатима да, үйүндөгү кайын журту да ичтеринен сызып, жакшылыктан үмүт үзбөй күн кечирип калышты. Ар кимдин ички дарты ичинде. Тымызын гана Таштандан кат күтүшөт. Жарк этип жакшы кабар келип калабы деген үзүлбөгөн үмүт.

Акыркы жолу кан күйгөн кармашта күйөөсү менен чогуу кеткен Бектенден кат келиптир үйүнө. Ошол катында “Бир токойдо окопто жатабыз. Кызыл кыргын эле болуп жатат. Таштан жарадар болуп калды. Баш көтөргөнгө чама жок”, деп жазыптыр үйүндөгүлөргө. Ошондон бери Таштандын өзүнөн кабар жок.

Фатима болсо тиги келиндин ортончу кызына мээрими түшүп, ошого жан тартып туруп алды. Берсең ушул экинчи кызыңды бергин деп суранды. Айласы кеткен келин да көз жашын көлдөтүп, бир ыйлап, бир сооронуп жатып ошого макул болду.

Фатима да жөн коймок беле. Сары майдай сактаган азык-түлүгүнөн бөлүшүп, жетерлик кылып көтөртүп берди. Кечке ачка жүргөн наристелер курсактары тоёр менен эле ойноп отурган жеринде ныксырап уйкуга кетишти. Фатима болсо өзү мээрими түшүп жактырып калган ортончу кызды көтөрүп, өз төшөгүнө ороп жылуулап уктатып койду. Баштыгын жонуна артынып, ымыркай кызын көтөрүп, секелек кызын ээрчиткен келин көз жашын көлдөткөн бойдон айылдан узап кетти. Анан эмне кылсын бечара. Ачкадан өлгөндөн көрө, жок дегенде бир кызы жакшы кишилердин колунда калганы оң эмеспи.

***

Акыры бир күнү ушундай болорун туюп жүрсө да Фатима мынчалык кыжалат болуп бушайман тартарын өзү да билген эмес. Бүткүл жашоосу, карманары, тутунганы, жан дүйнөсү ушул кызына байланып калганын эми туйду. Болгон үмүт-тилегинин кыйраканы чыгып, кызынан ажырап кала тургансып заманасы куурулуп келатты.

– Апаа, апа дейм, чарчадым, суу берчи, – деп безилдеген кызы гана аны эсине келтирип, уйкусунан ойготкондой болот. Жол боюна отура калып, кызын кучактап, чачынан сылап, суу бергенче көз жашын жашырат.

Жана апасы келгенче чайкананын алдында бейкапар ойноп отурган кыздын жанына келип, кыз менен сүйлөшкөнбү, же дагы бир нерселерди айтканбы, секелек кыз болсо да бейтааныш кишинин айткандары кулагында калган окшойт. Апасынын минтип капалуу келатканын наристе болсо да байкады го. Күтүүсүз суроо берип, апасынын жарасын ого бетер тырмап салды.

– Апа, апа дейм, менин атам качан келет.

– Атаң алыста кызым. Пронттон бошогондо келип калар, күтөлү, – деп кызын бооруна тартып, чачынан жыттап коёт.

– Анан эмне чайканадагы киши “атаң, атаңмын” деди го, – деп апасын суроолуу карайт.

– Жок. Ал сенин атаң эмес. Сени жакшы көрүп, эркелетип айтып койгон го. Андай кишилерге ишенбей жүр. Ошентип алдап, сени уурдап кетсе кантебиз, – деп кызын жооткоткон болот.

Наристе кызга эмне, түшүндүм дегенчелик кылып башын ийкеп коёт да апасын ээрчип келе берет. Кеч күүгүмдөгү ээн жолдо эне-бала ээрчишип, илкий басып жол улашат. Бүгүнкү окуя гана Фатимага тынчтык бербей улам терең ойго салат. Көкүрөгүнүн түпкүрүндө катылган муң-кайгысын ичинен сыздатып  тырмалайт.

(Уландысы бар)

Аскарбек НАСИРДИНОВ

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар