Бүгүн, 23-июлда дүйнөгө белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген журналисттер менен жолугуп, суроолоруна жооп берди.
Ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык берилген Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы үчүн ыраазычылык билдирип: “Бул ардак наамды кыргыз элинин казак элине болгон урматы деп билем”, — деди.
Белгилей кетсек, ардак наам 22-июлда “Мейкин Азия 2025” эл аралык фестивалынын жабылыш аземинде ыйгарылган.


Жыйынтыктоочу күнү жеңичүүлөрдүн орундары аныкталгандан кийин, көптөн күткөн жана ардактуу конок катары чакырылган өзгөчө үндүн ээси Димаш Кудайберген сахнага чыгып, фестивалга келген коноктор үчүн концерт тартуулады.
Димаш Кудайберген — 2013-жылы өткөн эң алгачкы «Мейкин Азия» фестивалынын гран-при ээси болгон.
Быйылкы иш-чара Азия жана Европанын 25 өлкөсүнөн келген таланттуу ырчылар менен белгилүү аткаруучуларды бир сахнага чогултту. Фестивалдын конкурстук бөлүгү менен катар, ата-мекендик жана дүйнөгө таанымал ырчылардын концерттик номерлери, мастер-класстар, маданий жолугушуулар уюштурулган.
Эске салсак, аталган эл аралык музыкалык сынак 20-июлда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромунда салтанаттуу ачылган.

