Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов BMB HOLDING Байкоочу кеңешинин төрагасы Бекзод Маматкулов менен жолукту. Анда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жолдору каралды. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар агроөнөр жай тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара пайдалуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, ошондой эле экспорттук-импорттук операцияларды кеңейтүү маселелерин талкуулашкан.
Кыргызстанда экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча зор мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленип, Өзбекстандын кайра иштетүү технологиялары жана логистикалык инфраструктурасы бул чөйрөдө биргелешкен ийгиликтерге жол ача турганы айтылды.
Элчи Чотонов BMB HOLDING жетекчисин Кыргызстанга иш сапары менен келип, шарттарды жеринен көрүп чыгууга чакырды.
Тараптар мындай жолугушуулар эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө болорун билдиришти.
Маалымат үчүн: 2017-жылы негизделген BMB HOLDING – Өзбекстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан, айыл чарба, кайра иштетүү жана экспорт тармактарында кеңири тажрыйбасы бар көп тармактуу холдинг.