whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте 3 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Бишкекте 3 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарындагы 3 гектар жер курулуштары менен бирге мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, борбор калаанын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттин үлүшү бар «А.Ж.» ишканасына автотранспорт ишканасын түзүү жана автоунаа токтотуу жай курууга багытталган 5,5 гектар жер тилкесин өткөрүп беришкен. Аталган ишкананын акционерлердин бири мамлекеттик мүлктү башкаруу органында иштеген.

Андан кийин менчиктештирүү мезгилинде мамлекеттик мүлктү башкаруу органында иштеген кызматкерге таандык акциялардын үлүшүн ишкананын башка акционерлери жол-жобну бузуу менен төмөндөтүлгөн баада сатып алышкан. Ошол эле учурда бөлүнгөн жер тилкеси аталган ишкананын менчигинде толук бойдон калган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогоруда аталган объектинин ээси А.А.К. акционерлер менен биргеликте аянты 5,5 гектар жер тилкесин бөлүштүрүү чечимин кабыл алышкан. Ошондой эле 3 га жер тилкесин бардык курулуштары менен мамлекеттин балансына кайтарып беришкен.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар