Ысык-Көлгө 3 миллион даана балык чабагы коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы регионалдык аклиматташтыруу жана балык өстүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулду. Көлгө май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары коё берилди. Иш-чарага Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, Тоң райондук ветеринардык башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы Ысык-Көлдү балыктандыруу максатында бир нече тилкеге бөлүнүп коё берилди: 18 тилкеге — 500 миң даана, 7 тилкеге — 500 миң даана, 13 тилкеге — 1 миллион даана, 40 тилкеге — 1 миллион даана.
Адистердин айтымында, мындай иш-чаралар көлдөгү балык корун көбөйтүүгө жана экосистеманы сактоого багытталган.

