Башкы беткеРубрикаларАймактарТөө-Ашууда оңдоо иштери жүрүүдө

Төө-Ашууда оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жолду оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдун 130–146-чакырымдар аралыгындагы 16 чакырым тилкесинде эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт.

Мындан тышкары, Сосновка постунан Төө-Ашуу ашуусунун түшө беришине чейинки 80–139-чакырымдар аралыгында коопсуздук тосмолорун жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 200 даана тосмо орнотуу пландалган болсо, учурда анын 180 даанасы орнотулуп бүттү.

Белгиленгендей, аталган тосмолор жол акыркы жолу реконструкцияланган убактан бери, дээрлик 20 жылдан ашуун убакыт бою алмаштырылган эмес.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар