Журналистика – дүйнөдөгү эң кызыктуу, ошол эле учурда кооптуу кесиптердин бири. Журналисттерге кесибине байланыштуу октон да, чоктон да өтүүгө туура келет.
Өткөн жылы 68 журналист өлгөн
ЮНЕСКОнун маалыматына таянсак, 2024-жылы дүйнөдө 68 журналист кесиптик милдетин аткаруу учурунда көз жумган. Анын ичинен 60 пайыздан ашыгы куралдуу конфликт болгон жайларга туура келет. Бул акыркы он жыл аралыгындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Алсак, Палестинада – 18, Колумбия менен Украинада – 4төн, Ирак, Ливан, Мьянма, Суданда – 3төн, Сирия, Чад, Сомали, Конгодо – 1ден журналист куралдуу кагылышуу учурунда көз жумган.
Ошол эле ЮНЕСКОнун маалыматында, өткөн жылы 64 журналист кесиптик милдетин аткаруу учурунда каза болгон. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла аз. Мисалы, 2023-жылы – 74, 2022-жылы – 88 журналист жумуш учурунда көз жумган. ЮНЕСКО 2024-жылы каза болгон айрым журналисттердин кандай учурда каза болгону тууралуу териштирүүлөр жүрүп жатканын жазган.
Согуш болуп жаткан аймактан сырткары жерлерде 26 журналист көз жумган. Бул акыркы 16 жылдык тарыхтагы эң аз учур катары айтылууда. Мындай жыйынтык куралдуу конфликт болбогон өлкөлөрдө журналисттерге болгон кол салуулардын азайганынан кабар берет. Ал эми 2022-жылы куралдуу конфликт болбогон өлкөлөрдө 60 журналист кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу өлтүрүлгөн.
Журналисттер тууралуу кызыктуу тасмалар
Дүйнөдө журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн чагылдырган кино тасмалары, сериалдар көп тартылган. Тheblueprint.ru агенттигинин жазганына таянсак, алардын ичинен режиссерлор Маргарет Фон Тротта “Ханна арендт” (2012), Майкл Манн “Свой человек” (1999), Джорж Клуни “Доброй ночи и удачи” (2005), Томай Маккарти “В центре внимания” (2015), Майкл Куэст “Убить гонца” (2014), Стивен Спилберг “Секретное досье” (2017), Алан Пакула “Вся президентская рать” (1976) жана башка ондогон популярдуу фильмдер бар.
Кыргыз киносунун тарыхында
Кыргыз киносунун практикасында түздөн түз журналисттин ишмердүүлүгүн чагылдырган тасмалар сейрек, болгону каармандын кесиби журналист экендигин баяндаган айрым штрихтер гана бар. Айталы, Төлөмүш Океевдин “Кызыл алма”, “Алтын күз” аттуу фильмдеринде азыноолак журналистика тууралуу сөз болот. Садык Шер-Нияз тарткан “Биринчи кадр” комедиясында журналистиканын элементтери бар. Азыркы учурда телеканалдардан көрсөтүлүп жаткан “Тайган” сериалында дагы кээ бир кадрларында журналис-тика жөнүндө айтылат. “Акшоола” сериалында дагы журналистика жөнүндө кичине камтылган.
Ал эми толук кандуу журналистикага арналган кыргыз сериалы 2019-жылы жарыкка чыккан “Эфир” сериалы. Бул сериалдын режиссеру Нарбото Анарбаев, сценарийин Жыргал Сулайманов жазган. Сериал 11 бөлүктөн туруп, коомдогу социалдык көйгөйлөр, текеберчилик, мамилелердин тиреши телеканалдын кызматкерлери аркылуу көрсөтүлгөн.
“Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери коомдун түптөлүшүнө, мамлекеттин өнүгүшүнө, саясий чөйрөгө журналисттердин кошкон салымын баамдап келгем. Ошондуктан, ички сезимимде козголоң бар эле. Журналисттердин иштеги шартын, жумуш процессин, интригаларды, бут тосууларды жакшы билем. Журналист болуу – оңой эмес. Журналист деле пенде, кээде адашат, кээде чоң маселени чечип салат. Мунун баарын кинодо көрсөткүм келген. Жеке менчик каналды башкарып жатканда ал идеяны ишке ашырдым”, – деп айткан Алтынбек Жумаев журналисттерге берген маегинде.
Ал эми бул сериалдын режиссеру Нарбото Анарбаев: “Журналистика темасы биз алдыдагы жылдары кенен ачып бере турган олуттуу темалардын бири”, – деп билдирген.
Өзүн актай турган киного басым жасалат
Кыргыз режиссерлору көбүнчө комедия же детектив жанрына басым жасашат. Анткени, кино жаратууга эбегейсиз чоң каражат талап кылынат эмеспи. Демөөрчүлөрдүн акчасын кайра кайтарып берүү үчүн элге кызыктуу кино тартууга туура келет. Андыктан, кыргыз киночулары жеңил кинолорду тартууга кызыкдар болгонунун себеби ошондон.
Режиссер Элдар Турдумамбетов азыр актерлордун, техниканын баасы өскөнүн, андыктан кино тартуу кымбат экенин айтат.
“Биринчиден, бардык нерсе кымбаттады. Актерлордун, техниканын баасы кымбат. Андыктан, өзүн актай турган кино тартышат. Журналистика тууралуу кино тартуунун коммерциялык потенциалы жок. Мугалимдер, спортчулар, милиция кызматкерлери кеңири тараган кесиптердин катарына кирет. Бул багытта кино тартса, көрарман үчүн кызыктуу. Ал эми журналистика тар чөйрө болгондуктан, бул кесип көрармандарга анчейин кызыктуу болбойт”, – деди.
Журналист Азамат Бакиров журналисттер чагылдырган окуянын негизинде сценарий жазса кызыктуу болот деген пикирде.
“Журналисттер тууралуу кино тартыш керек. Ошол эле учурда бир журналистке байланбай, анын жасаган ишине көңүл буруп, сценарийди ошого ылайыктап жазса
болот.
Акыркы 10-15 жылдагы журналистиканы ала турган болсок, иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу караса болот. Ал эми басма сөз жаатында Мелис Эшимканов өңдүү журналисттердин макалаларындагы авторлордун негизинде сценарий жазса жарашат. Бирок, жеке оюмда азыр журналисттер тууралуу көркөм фильм тартканга биздин режиссерлор даяр эмес. Келечекте журналисттер тууралуу эл суктанып көрө турган кинолор тартылышына ишенем”, – деди А.Бакиров.
Журналист Сурат Жылкычиев Мелис Эшимканов, Алым Токтомушев өңдүү чыгаан журналисттердин баскан изин киного түшүрүү керек деген сунушун билдирди.
“Менин оюмча режиссерлордун оюндагыдай сценарий, же болбосо каражат жоктур, анын көптөгөн себептери бар. Голливуд же Болливуддун кинолорун карап көрүп, кыргыз режиссерлору идея алса болот. Кыргыз журналистикасында из калтырган инсандарыбыз жок эмес. Узак кетпейин көзү өтүп кеткен Алым Токтомушев, Мелис Эшимкановдор гезит жаатында жакшы иштерди жасаган. Ошолордун баскан изин киного түшүрсө болот”.
Кыргыз журналистикасы киночулар үчүн ачылбаган сандык
Ошентип, журналисттер тууралуу документалдуу фильмдер тартылып жатканы менен толук кандуу кино тартылган жок. Кошумчалай кетсек, журналисттик ишмердүүлүгү кайсы бир кинонун ажарын ача турган, ага татыктуу улуу-кичүү муундардын өкүлдөрү, тарыхый окуялар, бүгүнкү жана кечээги тарых-маданиятыбызда жетишерлик. Даяр сценарийди айтсак, “Эркин Тоо” газетасын чыгарган алгачкы журналисттерибиз, бул гезитти канчалык кыйынчылыктар менен чыгарганы, өзгөчө туңгуч кесипкөй журналист Сыдык Карачевдин ишмердүүлүгү, анын өкүнүчтүү тагдыры боюнча документалдуу да, көркөм тасма да жаратса болор эле. Мындай мисалдар тарых-маданиятыбызда толтура.
Жыйынтыктай келгенде, коомчулукта журналистиканы тегин жеринен “төртүнчү бийлик” катары таанышпайт. Анткени, кайсы заман, мезгил болбосун жалпы дүйнө маалыматсыз жашай албайт. Мындан келди, журналисттерди дүйнөнү көзү, кулагы, үнү десек аша чаппайбыз. Бул биз берген баа эмес, жалпы дүйнө ушундай тааныйт. Аталган темада айта берсек сөз көп, андыктан коомчулуктун да бул боюнча пикирин билгибиз келет.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
«Кыргыз Туусу»

