Бишкек шаарында мурдагы Чатыр-Көл кинотеатры жайгашкан жерде курула турган жаңы заманбап маданий борбордун эскиздик долбоору даярдалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда имаратты демонтаждоо иштери жүрүп жатат. 2025-жылдын 5-ноябрында чыккан өрттөн кийин шаар мэри тиешелүү кызматтарга объекттин мындан аркы тагдыры боюнча чечим кабыл алып, долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырган.
Шаар жетекчилигинин тапшырмасына ылайык, жаңы маданий борбордун эскиздик долбоору иштелип чыгып, курулуш иштерине даярдык көрүлүүдө. Долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер улантылууда.

