Башкы беткеМаанилүүМамлекеттик гимндин текстине жана музыкасына жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартылды

Мамлекеттик гимндин текстине жана музыкасына жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартылды

Мамлекеттик гимндин текстине жана музыкасына жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартылды. Бул боюнча бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин отурумунда токтом кабыл алынды.

Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө чейин композитор, акын жана чыгармачыл жамааттардан 16 кайрылуу кабыл алынса, электрондук дарекке 234 жарандан 401 кайрылуу келип түшкөн. Мекемелер аралык комиссия депутаттарга токтомдогу мөөнөтү узартууну сунуштаган.

Гимдин текстине жана музыкасына 20-мартка чейин республикалык сынак жарыяланган эле. Анда министрлик биринчи орунга 1,5 миллион сом убадалаган. Токтомго ылайк, мекемелер аралык комиссия депутаттарга жаңы гимндин үч вариантын бериши керек. Андан соң эл өкүлдөрү жыйынтыктоочу вариантын тандап, бекитишет.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар