Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда 3 830 мечит расмий каттоодон өткөн

Кыргызстанда 3 830 мечит расмий каттоодон өткөн

Өлкөдө жалпы 4 миңге чукул мечит болсо, алардын 3 миң 830 мечити мамлекеттик каттоодон өткөн. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров билдирди.

“Биздин өлкөдө бүгүнкү күндө 4 миңге чукул мечит бар. Алардын ичинен учурда 3 миң 830 мамлекеттик каттоодон өткөн мечиттер өзүнүн кызматын өтөп келе жатат. Мына ушул мамлекеттик каттоодон өткөн мечиттердин имамдары болгон диний кызматкерлерге стипендия бере баштадык. Бул дагы Кыргызстанда, диний чөйрөдө тарыхый бир учур болуп эсептелип калды. Буга чейин аймактардагы, айылдардагы имамдар эч бир айлык, стипендия албастан элибизге, жерибизге, мекенибизге өзгөчө динибизге кызмат кылып, агартуу иштерин аткарып келишкен. Мындан ары муфтият ай сайын имамдарга стипендияны чегерип, берип турабыз”,— деди Закиров.

Маалыматка ылайык, имамдарга стипендия муфтияттын өздүк бюджетинен бөлүнүп, коомдо туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын демилгеси менен ишке ашууда.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар