whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
36.2 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЧет элдиктер үчүн визалык талаптар такталды

Чет элдиктер үчүн визалык талаптар такталды

Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандар үч режимде жүрүшөт: толук визалык, жарым-жартылай визалык жана визасыз. Бул тууралуу ТИМдин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Азамат Калысбеков «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары визадан бошотулган, бирок каттоого туруу милдеттүү. Мисалы, Тажикстан жарандары каттоого турушу керек. Кытай жана Индия жарандары толук визалык режим менен киришет. Өзбекстан жарандарына 60 күндүк визасыз мөөнөт каралган.

Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, визалык жана каттоо кызматтары электрондук форматка өттү:

Мындан тышкары, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга укуктук макамын легалдаштыруу үчүн 10-июнга чейин мөөнөт берилди. Бул үчүн ИИМден «жаза өтөбөгөнү тууралуу» корутунду талап кылынат. Андан кийин ТИМге кайрылып, уруксат кагазын алууга болот.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар