whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
22.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаПариж: Кыргызстан мал чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүүгө умтулат

Париж: Кыргызстан мал чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүүгө умтулат

Кыргызстан мал чарбачылыгы боюнча туруктуу өнүгүүгө жетишип, бакубат өлкөгө айланууну көздөйт. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Парижде өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын ден соолугу уюмунун 92-башкы сессиясында билдирди.

 
Анын айтымында, “2025–2029-жылдарга мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын” долбоору даярдалган. Ал мал чарба тармагын өнүктүрүү аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана мал породаларынын продуктивдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Министрдин белгилешинче, президент Садыр Жапаровдун жана өкмөттүн колдоосу менен ветеринардык көзөмөлдүн заманбап системасы түзүлүп, лабораториялар жаңыртылып, чек ара ветеринардык пункттар жабдылды. Ошондой эле жаныбарларды идентификациялоонун жаңы ыкмалары ишке ашырылууда.

“Ырааттуу реформаларды президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин колдоосунун негизинде, министрлик ветеринардык контролдоонун заманбап системасын түзүүгө, лабораторияларды модернизациялоого, чек ара ветеринардык өткөрүү пункттарын жабдууга, ошондой эле жаныбарларды идентификациялоонун алдынкы ыкмаларын киргизүүгө жетишти. Бул чаралар эпизоотиялык туруктуулукту бир топ чыңдоого жана эл аралык рыноктордо коопсуз айыл чарба продукциясынын эркин кыймылы үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди”, — деди ал.

Төрөбаев Кыргызстан жаныбарлардын ден соолугу, биологиялык коопсуздук жана азык-түлүк сапаты маселелерине өзгөчө маани берерин, бул өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин кошумчалады.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар