Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси – Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө расмий сапар менен келген Черногориянын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы Черногория менен өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Ал ошондой эле Черногориянын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу консулдугунун ачылышы жана анын ишмердүүлүгү кызматташтыктын кеңейишине өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Өз кезегинде Эрвин Ибрагимович жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Черногория эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдүү илгерилетүүгө даяр экенин айтты.
Тараптар жолугушууда кыргыз-черногориялык кызматташтыкты соода-экономикалык, туристтик, айыл чарба жана энергетика тармактарында өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы Черногориянын расмий делегациясын Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун колдоосунда 2027-жылы өтө турган Экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Ошондой эле Черногориянын спортчулары алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакыруу алды.

