Бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, уюмдун алдыдагы жылдагы башкы багыттары такталды.
Пленардык отурумга чейин мамлекет башчылары тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жыйынды ачкан Садыр Жапаров жолугушуу ачык, ишенимдүү маанайда өткөнүн белгилеп, регионалдык жана глобалдык коопсуздук маселелери боюнча толук өз ара түшүнүшүү болгонун айтты.
Президент сессиялар аралык мезгилде заманбап чакырыктарга каршы бир топ иш жасалганын, ЖККУнун эл аралык аброю да чыңдалганын билдирди. Өзгөчө, 2025-жыл ичинде Кыргызстанда өткөн «Чек», «Бузулгус боордоштук» жана «Эшелон» сыяктуу ири аскердик машыгуулар мүчө-мамлекеттердин күч түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртканын баса белгиледи.
Ошондой эле Садыр Жапаров өлкөлөрдүн атайын кызматтары киберкоопсуздук, терроризм жана экстремизмге каршы биргелешкен ыкчам өз ара аракеттенүүнү улантканын белгилеп кетти.

Жыйында келерки жылга карата уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бекитилип, ЖККУдагы төрагалык Россия Федерациясына өттү. Владимир Путин жаңы мезгил үчүн башкы приоритеттер катары жамааттык коопсуздук, антитеррордук жаңы стратегияны иштеп чыгуу, маалыматтык коопсуздук жана парламенттер аралык кызматташуу болорун билдирди.
Өлкө лидерлери кийинки ЖККУ жыйынын 2026-жылдын 11-ноябрында Россияда өткөрүүгө макулдашышты.
Жыйын соңунда Президент Садыр Жапаров Имангали Тасмагамбетовдун башкы катчы катары аткарган эмгегин жогору баалап, аны ЖККУнун I даражадагы Ардак белгиси менен сыйлады. 2026-жылдан тартып бул кызматты Таалатбек Масадыков аркалай турган болду.


