21-майда Будапештте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын бейрасмий саммити болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров да катышып, Кыргызстан учурда Уюмга төрагалык кылып жатканын эске салып, саммитти өткөрүү өлкөнүн төрагалыгынын алкагындагы маанилүү кадам экенин белгиледи.
Бул жолку саммит ТМУнун байкоочу мүчөсү болгон Мажарстанда биринчи жолу өтүп, «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» темасы алдында уюштурулду. Садыр Жапаров өз сөзүндө Мажарстанды Европа бирлиги менен түрк дүйнөсүнүн ортосундагы чыныгы көпүрө катары мүнөздөдү.
Саммиттин жыйынтыгында төмөнкү көп тараптуу документтер кабыл алынды:
Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Будапешт декларациясы;
ТМУнун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө чечим;
Өзбекстандын Түрк маданияты жана мурасы фондуна кошулуусу боюнча чечим;
Афганистан боюнча Мамлекет башчыларынын кеңешинин билдирүүсү.
Президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүп жатканын белгилеп, экономика, транспорт, энергетика жана санарип чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга Кыргызстан даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле Камбар-Ата 1-ГЭСин куруу жана Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу өңдүү ири инфратүзүмдүк долбоорлордун стратегиялык маанисин баса белгиледи.
Мындан тышкары, Жапаров Кыргызстандагы ийгиликтүү өнүктүрүү фонддорунун (Кыргыз-Азербайжан, Кыргыз-Өзбек, Кыргыз-Мажар) тажрыйбасын айтып өтүп, ТМУнун Түрк инвестициялык фонду да ушул өңүттө кызматташууну чыңдайт деген ишенимин билдирди.
Президент ошондой эле Кыргызстан «Тоолуу беш жылдык» алкагында БУУнун глобалдык демилгелерине жигердүү катышып жатканын белгилеп, 2025-жылы Ысык-Көлдө өтө турган Тоо жаштарынын бүткүл дүйнөлүк фестивалы жана 2027-жылдагы «Бишкек+25» саммити тууралуу маалымат берди.
Садыр Жапаров сөзүнүн аягында ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган аракеттерди колдоого даяр экенин билдирип, кабыл алынган Будапешт декларациясынын символикалык жана практикалык маанисин баса белгиледи.