Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятБалдар үчүн кыргыз тилинде эки анимациялык сериал тартылды

Балдар үчүн кыргыз тилинде эки анимациялык сериал тартылды

«Кыргызфильм» улуттук киностудиясы жана «Карек» балдар киносу фонду «Амантай менен Айтуяк» жана «Быйтыктар» аттуу кыргыз тилиндеги эки жаңы 3D анимациялык сериалдарды даярдады. Бул тууралуу аталган киностудия билдирди.

Тасмалар чүрпөлөр жана алардын ата-энеси үчүн арналган. Алар жакынка арада УТРКнын «Баластан» телеканалы жана киностудиянын «Кыргызфильм анимация» Ютуб-каналы аркылуу көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.

Бул тасмалар «2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын» алкагында тартылган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар