Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңеш менен Мамдуманын ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасы, депутат Дмитрий Кобылкин менен жолугушууда «Бодрость» мончоcунда болгон мигранттардын окуясын көтөрдү.
Кыргызстандын ТИМи 17-апрелде тараткан маалыматта элчи мигранттардын уруп-сабалышы боюнча тынчсыздануусун билдирип, бул маселени калыс жана объективдүү кароого чакырганы айтылган.
Кобылкин мындай учурлардын кайталанышына жол бербөө үчүн бул окуяны кылдат иликтөө маанилүү экенин баса белгилейт.
Андан тышкары маалыматта тараптар миграция жаатындагы жаңы мыйзамдар күчүнө кирип жаткан маалда Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын көйгөйлөрүнө көңүл бурушканы жазылат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңеш менен Мамдуманын ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасы, депутат Дмитрий Кобылкин менен жолугушууда «Бодрость» мончоcунда болгон окуяны көтөрдү.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 17-апрелде тараткан маалыматта элчи мигранттардын уруп-сабалышы боюнча тынчсыздануусун билдирип, бул маселени калыс жана объективдүү кароого чакырганы жазылган.
Кобылкин мындай учурлардын кайталанышына жол бербөө үчүн бул окуяны кылдат иликтөө маанилүү экенин баса белгиленет.
Андан тышкары тараптар миграция жаатындагы жаңы мыйзамдар күчүнө кирип жаткан маалда Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурушканы жазылат.
Белгилей кетсек, аталган окуядан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Сергей Вакуновго мончодогу операциянын мыйзамдуулугу, андагы жарандарга күч колдонуунун себептери боюнча маалымат берүү жана күч колдонуу негизсиз болсо, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота тапшырган.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев коопсуздуктан улам сабалган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартканын билдирген.

