whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүү6-класстан “Акылманга”...

6-класстан “Акылманга”…

“Акылман” президенттик лицейи 2025-2026-окуу жылына карата 6-класста окуп жаткан өзгөчө зээндүү окуучулардын арасында конкурстук тандоону жарыялады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн басма сөз жыйынында белгилүү болду.

Конкурстук тандоо 3 этаптан турат. 1-2-турдагы онлайн тестирлөө test.akylman.edu.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт. Сайтка катталуу 2025-жылдын 1-апрелинен 14-апрелге чейин уланат. 15-16-апрель күндөрү “сынамык тест” тапшыруу өткөрүлөт. 1-тур 18-19-апрель күндөрү, 2-тур 23-24-апрель күндөрү test.akylman.edu.kg сайты аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт.

Конкурстук тандоонун 3-туру – офлайн тестирлөө, ал 1-майдан баштап, 8-майга чейин, ар бир облуста жеринен өткөрүлөт. 3-турга конкурстук тандоонун 1-чи жана 2-чи турунан тең ийгиликтүү өткөн окуучулар гана катыша алышат.

Сынак кайсы мектепте өтө тургандыгы лицейдин кабыл алуу боюнча телеграм каналдары аркылуу алдын ала кабарланат.

Конкурстук тандоого катышууну каалаган талапкерлер: 1) азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 6-классынын окуучусу болушу; 2) Кыргыз Республикасынын жараны болуусу; 3) “Жакшы”, “эң жакшы” деген бааларга окуусу шарт. 6-класстагы 1-2-3-чейрек боюнча жетишүү табели каралат.

Талаптарга туура келбеген катышуучулар конкурска катыша алышпайт.
Жыйынтыгында, 3-этаптын баарынан тең ийгиликтүү өткөн эң алдыңкы 72 окуучу лицейге, 7-класска кабыл алынат.

“Акылман” президенттик лицейи КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 154 Жарлыгы менен түзүлгөн жана 2023-жылдын 25-августунан баштап иштеп баштаган.

Учурда лицейде жалпы 195 окуучу билим алууда. 7-класстан үч, 8 класстан үч, 9-класстан 2 класс комплектиси бар. 7-класс — 75 окуучу; 8-класс — 72 окуучу; 9-класс — 48 окуучу. Алардын ичинен 101 кыз, 94 эркек бала.

Окуучулардын өз тандоосуна жараша алар үчүн лицейде 18 ийрим иштейт: комуз, кол өнөрчүлүк, чопо менен иштөө, хореография, хор-вокал, актердук чеберчилик, шахмат, тогуз коргоол, футбол, волейбол, баскетбол, корей тили, жапон тили күрөш, байдарка, робототехника, компьютердик сабаттуулук ж.б.

Лицейде 2 тилде окутулат – так илимдер (химия, физика, биология, математика, геометрия, дүйнөлүк багыттар жана долбоорлук иштер, информатика сабактары) англис тилинде өтүлөт, гуманитардык илимдер (география, тарых, укук негиздери жана музыка, көркөм өнөр сабактары) кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Андан тышкары улуттук баалуулуктарды окуучуларга сиңирүү максатында МУРАС предмети киргизилген.

“Акылман” президенттик лицейинин окуучуларына жана кызматкерлерине КР Президентинин тапшырмасы менен бардык шарттар түзүлгөн: акысыз жатакана, ар бир бөлмөдө үч окуучу жашайт, алардын ыңгайлуу жашоосу жана эс алуу-
су үчүн бардык шарттар бар, ошондой эле алыс жактан келген кызматкерлерге жатаканалар каралган; окуучуларга жана кызматкерлерге 3 маал ысык тамак жана 2 маал жеңил тамак берилет; окуучулар заманбап планшеттер менен камсыздалган, ал планшеттердин ичинде окуу процессине керектүү программалар жана окуу китептери жүктөлгөн.

Учурда лицейде окутуу процесси Кембридж системасынын окуу-методикалык комплексин колдонуу аркылуу жүргүзүлүп жатат. Белгилей кетчү нерсе “Акылман” президенттик лицейинде окутуу процессинин негизги багыттары болуп STEAM жана гуманитардык багыттар болуп эсептелинет.

Тайландда өткөн математика боюнча эл аралык онлайн олимпиадада “Акылмандын” 3 окуучусу коло утуп, Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде өтө турган олимпиадасына катышууга жолдомо жеңип алышкан.

Математика боюнча International Mathematics Competition (IMC) эл аралык онлайн олимпиадага катышып, жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушкан. Art of Solution Alcumus (АКШ) – инновациялык онлайн окутуу системасына Кыргызстан боюнча 26 мектеп катышып, алардын арасынан “Акылман” лицейи жыл бою ТОП 5 орундан төмөн түшкөн эмес.

Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган Республикалык олимпиаданын райондук этабында орус тили жана адабияты боюнча 1-орунду, кыргыз тили жана адабияты боюнча 3-орунду, англис тили жана адабияты боюнча 1 жана 3-орунду ээлешкен. Олимпиаданын облустук этабында орус тили жана ада-
бияты боюнча 5-орунду ээлеген.

Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз-Швед математика мектеби уюштурган IV олимпиадага 2 окуучу катышып, алардын бирөөсү 3-орунду ээлеген.

Cambridge UWIS мектеби тарабынан уюштурулган Бишкек шаарында өткөрүлгөн робототехника боюнча республикалык мелдеште “Акылмандын” окуучулары 2-орунду камсыз кылышкан.

Бир окуучусу 4 предметти камтыган (физика, химия, биология, математика предметтери боюнча) эл аралык IJSO олимпиадасына  катышып, 2-турдан 1-орунду камсыз кылып, финалдык турга өтүп, азыркы учурда даярдык көрүүдө.

Быйылкы окуу жылында AMC  (АКШ математика жарышы) – мектептер арасында өткөрүлчү эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан 37 мектеп катышып, анын арасынан джуниор лигасында 2-орун, сеньор лигасында 4-орунду багындырган.  

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар