Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыГаагада Зеленский менен Трамптын "узак" сүйлөшүүсү өттү

Гаагада Зеленский менен Трамптын «узак» сүйлөшүүсү өттү

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Трамп менен узак жана мазмундуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди. 

Ал өзүнүн телеграмдагы баракчасына: «Биз ок атышууну токтотуу жана тынчтыкка жетүү жолдорун талкууладык. Элибизди кантип коргоо керектиги тууралуу сүйлөштүк. Тынчтыкты жакындатууга көңүл буруп, жардам берүүгө даяр болгону үчүн АКШ президентине жана Кошмо Штаттарга ыраазычылык билдиребиз»,- деп жазды.

Эки лидердин жолугушуусу Гаагада НАТО саммитинин жалпы жыйыны аяктагандан кийин өтүп, алардын сүйлөшүүсү 40 мүнөттөн ашык убакытка созулганы маалым болду.

НАТОнун Гаагадагы саммити башталар алдында Трамп журналисттердин Владимир Зеленский тууралуу суроолоруна жооп берген.

«Албетте, биз ортодогу кээ бир маселелерди талкуулайбыз. Анын айрым түйшүктөрү бар. Зеленский дурус жигит», – деди Трамп.

Bloomberg агенттиги мурдараак АКШ президенти Трамп НАТОдогу өнөктөштөрүнө Украинадагы абал «такыр көзөмөлдөн чыгып кетти» деп айтканын жана бул багытта жигердүү аракеттерди талап кыларын белгилегенин жазган.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар