Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы жыл башынан бери төмөндөп, ички рынок туруктуу абалда турат. Бул тууралуу антимонополиялык жөнгө салуу кызматы билдирди.
Жаңы маалыматтарга ылайык, 27-мартка карата баалар: Кыргызстанда Аи-92 74,7 сом, Аи-95 80,2 сом, дизель 79,7 сом, газ 40,2 сом; Салык кызматынын маалыматына ылайык, жергиликтүү нефтетрейдерлердин кирешеси төмөн, литрине болжол менен 1 сом гана түзөт.
Баалар кескин көтөрүлбөшү үчүн антимонополия кызматкерлери министрлер кабинетине бир катар сунуштарды даярдаган. Алар Россиядагы нефть кайра иштетүүчү заводдордо бааларды жыл соңуна чейин бекитүү, күйүүчү-майлоочу майларды импорттоочу компаниялар үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) жана акцизди убактылуу төмөндөтүү же жокко чыгаруу, өндүрүштү колдоо программаларын киргизүү жана рынок катышуучуларына арзандатылган насыя берүү чараларын камтыйт. Мындай комплекс чаралар ички рынокто бааларды туруктуу кармоого жана геополитикалык жагдайлардан улам баалардын кескин өзгөрүшүн алдын алууга мүмкүндүк берет.

