whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.01.2026
-11.9 C
Бишкек
Башкы беткеАктуалдуу маекУлуттук илимдер академиясындагы жаңы доор

Улуттук илимдер академиясындагы жаңы доор

    Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты капиталдык ремонттон өттү. Жаңы мыйзам кабыл алынды. Мындай жаңылануу Союз тарагандан бери биринчи жолу  болуп жатат десек жаңылышпайбыз.
Улуттук илимдер академиясынын статусуна ылайык жана анын ишинин негизги максаты — илим чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну эске алуу менен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштеринин илимий-техникалык натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча милдеттер кеңейтилди.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, корреспондент-мүчө Канатбек Абдрахматовго бир нече суроолор менен кайрылдык.

– Канатбек Ермекович, жакында эле Улуттук илимдер академиясынын жаңы мыйзамы жарык көрдү. Мурдагы мыйзамдар менен жаңы мыйзамдын айырмачылыгы барбы?

– Ооба, 2025-жылдын 1- июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы чыкты. Бул Улуттук илимдер академиясына чоң жаңылык,  академияга дем берген демилге деп койсок болот. Мурдагы мыйзамга салыштырмалуу көп жаңылыктарды камтыган мыйзам болду.

1) Мурда Улуттук илимдер академиясы Билим берүү жана илим министрлигине карап калган эле. Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы болуп өзгөртүлдү. Бул биз үчүн алдыга чоң багыттарды ачып жатат жана статусубуз кескин түрдө көтөрүлдү дегенди билдирет.

2) Академиянын президентин академиянын Жалпы чогулушу шайлап, анан  Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет эле. Жаңы мыйзамдын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы  менен дайындалат. Жаңы мыйзамдын дагы бир жаңылыгы, мурда академиянын президенти болуп академик же корреспондент-мүчө болушу керек болсо, азыр илимдин доктору дагы кошулду.

Учурда,  академик жана корреспондент-мүчөлөр 100 киши. Эгерде, илимдин докторлорун кошсок, 3000ге көтөрүлүп кетет. Мына ушулардын арасынан академиянын президентин тандай турган болсок, атаандаштык көп болуп, мыктынын-мыктысын тандап алууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бирок, илимдин доктору башка мамлекеттердин академиктери, корреспондент-мүчөлөрү менен тең ата сүйлөшүп, академиянын ишмердигин керектүү деңгээлде жүргүзө алабы деген ойлор жаралат.

– Мыйзам чыкканга чейин Академиянын алдындагы институттар директорлорун өздөрү шайлап, өздүк эсеби менен каржылык иштерин өз алдынча жүргүзсө керек. Эми алардын ишмердиги кандай болот?

– Академиянын алдында 21 мекеме бар. Ар бир мекеменин жамааты директорлорун өздөрү шайлап келген болсо, азыр Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин буйругу менен бекитилет.

Академиянын айрым кызматкерлери буга каршы. Бул академиялык эркиндикти жана демократияны бузат дешет. Бул туура эмес деп эсептейм. Биринчиден, жаңы мыйзам вертикалдуу бийликтин структурасын жаратат. Себеби, мен жогоруда айтып кеткен академиянын курамындагы кээ бир институттар ишмердигин өз алдынча жүргүзүп келишкен. Мыйзам боюнча, ошолордун баарын бириктирип, бирдиктүү ишмердигибизди жүргүзүүгө багытталган. Албетте, мындай көрүнүш ээн-эркин жүргөндөрдүн баардыгына эле жага бербейт. Бирок, мыйзамда ушулар так жана даана жазылган.

– Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери жылуу орунда отур-
ган институттун директорлору менен кандай тил табышуудасыз?

– Академиялык институттардын бардыгында директорлору бар. Ар биринин өзүнүн эсеби, бухгалтериясы бар. Ар бири өз командасында кудай жана падыша. Эгерде, ал кандайдыр бир кылмыш иш кылбаса, мен директорду таптакыр иштен ала албайм. Башка учурларда, ал мага беш жылга шайланганын жана ошол убакта кол тийбестиги бар экенин айта алат. Мындай кадам Илимдер академиясынын алдына коюлган милдеттерди үлгүлүү аткарууга тоскоол болууда.

Мен жогоруда айтып кеткендей, жаңы мыйзам боюнча Улуттук илимдер академиясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу болот. Эртең Президентибиз Садыр Нургожоевич, Илимдер академиясында эмнелер аткарылгандыгын сураса: “Мага институттун директорлору баш ийбей жатат” – деп жооп бермек белем. Ошондуктан, бардыгын чакырып алып “Кесиптештер, жаңы мыйзам менен иштегиле, жок иштей албасаңар арызыңарды жазгыла, болбосо, статья менен кызматтан кетирем”-дедим. Бул аларды коркутуу эмес, кабыл алынган мыйзам менен туура багытта иштөө. Илимий институттун директору болгондон кийин, сен дагы Илимдер академиясынын мыйзамына баш ийишиң керек деп сүйлөшүүлөр болуп жатат.

– Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты капиталдык оңдоодон өтүп, жаркырап калыптыр. Мурда имаратта ижарада отургандар болсо керек эле…

– Чындыгында, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы имаратында ижарага берилген бөлмөлөр өтө көп эле. Тилекке каршы, ижара төлөмдөрүнүн бир тыйыны дагы академиянын бюджетине түшкөн эмес. Ал каржынын баары Мамлекеттик мүлк фондунун эсебине түшүп турган.

Эми карасаңыз,  жакында эле Түштүк Кореядан делегация келди. Алар сөзсүз түрдө белек алып келишет. Аларга жооп катары белек берүү үчүн Улуттук илимдер академиясынын атайын каржысы жок жана ушундай иштер үчүн каражат каралган эмес эле.

Келген делегацияга өзүбүздүн илимий китептерибизден, Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун китептерин, «Манас» эпосунун китептерин белек кылганга туура келет эле. Тилекке каршы, китеп менен кутулганга деле болбойт экен. Кыргызстандын көркөм кооздугу чагылдырылган сүрөттөрдү же табактарга тартылган кооз жерлерди белек кылсак болот да.

Жаңы мыйзам боюнча Улуттук илимдер академиясынын атайын эсеби болот. Ошол эсепке ижара акылары жана башка түшкөн каражаттардын баарын топтоп, илимпоздордун монографияларын чыгарабызбы же башка өтө керектүү болгон максаттуу иштерге жумшап турууга мүмкүнчүлүк берилди.

Өткөн жылы Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдык мааракеси болду. Министрлер Кабинетинен юбилейиңерди өткөрүп алгыла деп  1 млн. сом берилди. Биз Академиянын тарыхын, Кыргызстандын белгилүү илимпоздору жана 70 жылда эмнелерге жетишкендиги боюнча китеп чыгардык. Китепке кеткен чыгым эле 500 миңди чапчыды. Каржы булактарын таап, чыгарып алдык. Мына бүгүн келген делегацияга дагы ошол китептердин бирөөсүн белекке бердим. Бул чоң белек деп эсептейм. Эми жаңы мыйзам боюнча мен жогоруда баса белгилегендей, атайын эсепти өзүбүз пайдаланганга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды.

Ал эми  Улуттук илимдер академиясынын имараттарынын капиталдык реконструкциясына келсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич өзү келип көргөндөн кийин жарым мил-лиард сом бөлдү. Бүгүнкү күндө заман талабына ылайык имараттары бар академия болуп калды. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Союз мезгилинде курулган академия ошол бойдон каралбай калган. 60  жыл ремонттон өткөн эмес, суу түтүктөрүнүн баары чириген, өтө начар  абалда калган эле. Азыр кыргызда: “Эшигин көрүп төрүнө өт” демекчи чет өлкөлүк делегацияларды уялбай кабыл алып калдык. Өзүңүз көрүп тургандай, заманбап кызматтык оргтехникалар менен жабдылып, имараттын кире беришине чейин кондиционерлер коюлган. Эми эшиктен кирип келип эле, отуруп иште деген учурга келдик окшойт.  Мурдагы абалды айтпай эле коёюн (күлүп).

– Жаңы мыйзам чыккандан кийинки кадамыңыздар кандай болот? Иштериңиздерди эмнеден баштайын деп жатасыздар?

– Биз биринчи кезекте жаңы мыйзамдын негизинде иштерди,  Уставды даярдап жатабыз. Андан кийин академиктерди, корреспондент-мүчөлөрдү шайлоо болот. Ушул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жаңы Жоболорду дагы даярдоонун үстүндө иштеп жатабыз. Себеби, мурдагы эски Жободо көп кемчиликтер бар экен. Мисалы, 2021-жылы өткөн шайлоодо көп нааразычылыктарды жаратып, бүгүнкү күнгө чейин соттошуп жүргөндөр  бар. Ошол кемчиликтерди кайра кайталабаш үчүн, жаңы Жободо ар бир беренесин так жана даана жазып, Академиянын атайын президиуму бар, ошол жерден талкуулап, бекитип алалы деп жатабыз.

– Канатбек Ермекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында илимпоздор көп болсо керек. Канча илимий долбоорлор бар, алар кандай жана кайсы булактан каржыланат?

– Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында да өз өмүрүн илимге арнаган илимпоздор, мыкты адамдар бар. Аларды отур – тур деп айта албайсың. Кыргызда: “Алдап-соолап атаңдын күчүн ал” демекчи, биринчиден, алардын жаштары өйдөлөп калды. Экинчиден, өтө сый мамиле менен иштешүү керек. Алар мамлекеттик кызматкерлердей болуп, саат 8-00дөн кечки саат 17-00гө чейин отуруп иштей албайт. Чыгармачыл адамдардай эле, илим адамдары “илхом” келген кезде, түн ортосу болсо дагы жакшы идеяны унутуп калбаш үчүн уйкусун бузуп, туруп алып иштешет. Кээде, дем алыш күндөрү да иштей беришет. Ушул талыкпаган эмгектин негизинде илимий иштерин жактап, академияда отурушат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Улуттук илимдер академиясында 44 долбоор даяр турат. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражат керек. Бүгүнкү күндө Министрлер Кабинети менен тыгыз иштешип жатабыз. Ар бир долбоорду (презентация) түшүндүрүп, бул долбоор ишке ашса, 3-4 жылда кандай жыйынтыктарды берет деген түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. 2022-жылы Кыргыз Улуттук илимдер академиясына мен президент болуп келгенде, мурдагы Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5 долбоорго 300 млн. сом бөлгөн. Учурда ошол долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Тилекке каршы, Финансы министрлиги менен сөз табыша албай келебиз. Алардын биз түшүнбөгөн ыкмасы бар экен. Мисалы, бүгүнкү күндө 2025-жылдын жарым жылдыгы өтүп кетсе дагы, биз  бир тыйын ала элекпиз.  Ушинтип, бири-бирибиз менен кат жазышып отуруп жыл аяктайт. Анан эле биз силерге 100 млн. сом которолу дедик эле деп Минфин чалат. Анда биз айтабыз: “Кечирип койгула, бүгүн 28-декабрь, акчаны алгандан кийин биз тендер өткөрүшүбүз керек. Тендер 1 айга созулат. Жыл бүтөөргө 2 күн калганда биз акчаны эмне кылмак элек“, – дейбиз. Мына, академияга акча берсек албай койду деген сөздү айтып келишет. Иштей турган маалда бер акчаны, биз дагы өз учурунда ишибизди бүтүрөлү. Акча бөлүндүбү учурунда берип койгула да. Эсептөө палатасы бар. 3 жылдан кийин берилген каржы максаттуу пайдаланылдыбы деп текшерет. Жок, Минфин планыңарды жазып бергиле деп бизден план сурайт. Мисалы, химиктердин лабораториялык изилдөөлөрүнүн пландарын жазып берсек, Минфин кайдан түшүнөт. Ошентип, бири-бирибизди түшүнбөй келебиз.

– Сиздер жаңы мыйзамды кабыл алыш үчүн Жогорку Кеңеште көп талкуу болгонун билебиз. Ушул талкууларда эсиңизде эмнелер калды?

– Чынын айтайын, Жогорку Кеңеште билген, билбеген деле депутаттардын “дежурный” суроолору бар. Ал: “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында кандай ачылыштар бар, деги ачылыштар барбы?” – деген суроо.

Анан биз жооп бере баштайбыз. Мындай ачылыштар бар, ал долбоор мамлекетке мындайча пайда алып келет деп сүйлөп жатсаң, тиги депутат башка депутаттар менен аңгемелешип жатканын көрөсүң. Укпайт, ал депутаттарга кереги жок, кызыкпайт деле. Ошондо: “Урматтуу депутаттар, мен 13 деген цифраны айтайын баарыңарга түшүнүктүү болуш үчүн. Ал академиянын окумуштууларынын орточо эмгек акысы 13 миң сом. Жаныбыздагы кафенин пол жууган кызматкеринин маянасы 20 миң сом. Анын билими жок, башы дагы оорубайт. Келет, жууп коюп кетип калат. Биздин академиянын окумуштуулары бүт өмүрүн илимге арнаган адамдар. Мисалы, мен университет, аспирантура, докторантура болуп 18 жыл окуптурмун. Академияда эч жакка чыкпай иштегениме 48 жыл болду.  Нанга акча жетпей жатканда дагы чыдап иштегенбиз. Алган маянабыз 13 миң сом болсо, силер бизден кандай ачылыштарды күтүп жатасыңар” деп сурагым келет.

Жаш адистер Кыргыз Улуттук илимдер академиясына келбейт. Мен илимий кызматкер болгум келет деп келген жаштарга айтам: Сен академияга келсең, инженер же кенже илимий кызматкер болуп орношосуң. Анын эмгек акысы 9200 десем, тамашалап жатасызбы? – деген суроону берип көзүн алайтып карашат. Жок, менин деле эмгек акым 13 миң десем, унчукпай чыгып кетет.

Жакында, Президентибиз Садыр Жапаров жалпы жыйынга келип: “Билими жок эл, илими жок мамлекет жок”, – деп жакшы сөз айтты жана100%га маянабызды жогорулатты. Баарыбызга ушул сөздөн кийин демибизге дем кошулуп калды. Жакшы сөздөрдү айтты, “эки жылдан ашык мамлекеттин өнөр жайына көңүл бөлдүк, акырындап өсүш болуп жатат. Бишкек жакшы өсүп- өнүгүп, жолдор курулуп жатат. Эми илим-билимге көңүл буруу убактысы келди”, – деп. Албетте, жакшы сөз дем берет экен, иштеп жатабыз.

Азыр маянабыз 26 миң болуп калды. Мына ушул эмгек акыга дагы жаш илимпоздор келбейт. Кантип жашайбыз бул акчага дегендер бар.

– Канатбек Ермекович, жогоруда ижара тууралуу айтып кеттиңиз, Улуттук илимдер академиясынын жерлери дагы барбы? 

– КР Улуттук илимдер академиясында пайдаланылбай жаткан жерлер бар. Каражаттын тартыштыгынан пайдаланылбай жатат.

Бишкектин Широкая көчөсүндө бир нече гектар заңгыраган жер бар. “Дордойдун” соодагерлери бул жерлерди эбак эле ээлеп алышкан – эки-үч кабаттуу үйлөрдү салышкан. Ал эми Геомеханика институту бир канча убакыттан бери ээлеп турган эки кабаттуу имарат эбак жатаканага айланган.

Ал жерде УИАга эч кандай тиешеси жок бейтааныш адамдар жашайт. Токойду изилдөө идимий борборунун аймагында дагы бейтааныш адамдар көптөн бери жашап келишет.

Эгерде, УИАнын тармактык институттарында аларга кереги жок жерлер болсо, так жана чынчылдык менен: “Ооба, бизге алардын кереги жок, андыктан аларды берүүгө макулбуз, бул адилеттүү болот”, – деп ачык айтыш керек.

– Келечектеги иш-пландарыңыз туралуу айта кетсеңиз?

– Президентибиз Садыр Нургожоевич, 2030-жылга чейин алдыга 4 ири планды койду. Ошол багыттардын бири – “Жашыл экономика, жашыл энергетика”.

Улуттук илимдер академиясы мына ушул багытта иш алып баралы деп аракеттерди көрүп жатабыз. Мындан сырткары дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасында “Кыргыз тили” боюнча өтө көп иш-чаралар болот. Бардык деңгээлде,  кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп айтылып келет. Биздин Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Тил институту мурда болгон экен, бирок жоюлуп кетиптир.

Мына бир ай болду институтту кайра жандандырдык. Директорун шайлап, кызматкерлери отура турган кабинеттерин даярдап бердик. Ал эми Жашыл экономика боюнча, бизде жогорку технологиялар паркы бар. Алар биздин имаратыбыздын бир кабатында жайгашкан. Алар менен биргеликте Грин академия түзүп, Машина таануу жана автоматика институту менен жаңы технологияларды ишке ашырып иштешкени турушат. Сентябрда жер бөлүп берип, кандай технологияларыңар болсо, ушул жерден иштеткиле дегени жатабыз.

Андан сырткары, Улуттук илимдер академиясында Жасалма интеллект борбору ачылды. Бүгүнкү күндүн талабына жараша жаңы багыт менен иштешүү биздин эң жогорку максатыбыздын бири десем жаңылышпайм.

Жыпара Жээналиева, 
«Кыргыз Туусу»

 

 

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар