Президент Садыр Жапаров «Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө, 70, 71-беренелерге ылайык токтом кылынат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-пунктта:
– тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи – он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
“– Мамлекеттик салык кызматы;
– Мамлекеттик бажы кызматы;
– Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;”.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 “Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 3–6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына зер буюмдарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү функцияларды өткөрүп берсин, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча:
– баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды пробалоо жана эн тамгалоо; – асыл таштарды аныктоо жана экспертизалоо;
– Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

