Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыГазанын түштүгүндө Израиль армиясы аткылоону улантууда

Газанын түштүгүндө Израиль армиясы аткылоону улантууда

Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис аймагында Израил армиясы ХАМАСка байланыштуу объектилерди интенсивдүү аткылоону улантууда.

Израил Коргоо күчтөрү билдиргендей, палестиналык куралдуу топтун мүчөлөрү израилдик аскерлерге ок атышкан. ЦАХАЛ бул окуяны ок атышпоо режиминин бузулушу катары баалады. Маалыматка караганда, израилдик аскерлер арасында жабыркагандар жок.

Газа секторундагы, ХАМАСтын көзөмөлүндөгү медициналык мекемелердин өкүлдөрү билдиришкендей, шаршембиден бери 30дан ашуун адам каза болду.

Associated Press агенттиги жазгандай, бейшемби күнү Хан-Юнисте болгон эки израилдик аба соккусунун кесепетинен кеминде беш адам набыт болгону кабарланды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар