Европалыктар өз үйүн алуу үчүн өнөктөш издейт

Европада турак-жай баалары кайрадан өсүүдө: 2025-жылдын экинчи чейрегинде баалар 5,4% жогорулады. Бул жаш жана никеге турууга мүмкүнчүлүгү жок адамдар үчүн өз үйүн алуу жолун кыйындатууда. RE/MAX компаниясы 23 өлкөдө 20 миңден ашык адам арасында жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, жалгыз жашагандардан 37% өздөрү эч качан үй ала албайт деп эсептейт.

Окумуштуулар байкагандай, респонденттердин 26% жаңы үй сатып алуу үчүн мамилеге кирүүнү практикалык жол деп эсептейт. Бул көрсөткүчтүн эң жогорку деңгээли Нидерландия жана Португалияда 33% деп көрсөтүүүдө. Ошондой эле Европа өлкөлөрүндө Z мууну арасында 35%ды, ал эми миллениалдарда бул көрсөткүч 25%ды түзөт.

Z муунунундаг жубайлар тезирээк жаңы үйгө көчөт: орточо эсеп менен 2,7 жылдан кийин, миллениалдарда болсо бул 3,2 жылды көрсөтөт. Британияда эң кыска мөөнөт — 2 жыл 4 ай, ал эми Францияда эң узак — 4 жылдан көп, андан кийинки орунда Италия турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз