whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.12.2025
2.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПольша диверсияларга жооп катары “Горизонт” аттуу ири коопсуздук операциясын баштады

Польша диверсияларга жооп катары “Горизонт” аттуу ири коопсуздук операциясын баштады

Польша өкмөтү акыркы апталарда болгон диверсиялык аракеттерден кийин өлкөнүн стратегиялык инфраструктурасын коргоо максатында “Горизонт” аттуу кеңири масштабдуу операция уюштурду. Бул тууралуу ички иштер министри Марцин Кервиньский Варшавада өткөн атайын маалымат жыйынында билдирди.

Операцияга 10 миңге чейин аскер тартылып, алар полиция, чек ара кызматы жана башка коопсуздук түзүмдөрү менен биргеликте иш алып барышат. Өкмөт бул чаралар “тынч же аскердик” деп так аныкталбаган кооптуу шарттарга байланыштуу көрүлүп жатканын белгиледи.

Акыркы диверсиялардын катарында Мазовецкое жана Любельское воеводстволорундагы темир жолдордун бузулушу бар. Польша бийлиги бул окуялардын артында Россиянын атайын кызматтары менен кызматташкан эки украин жараны турганын айтууда.

Коргоо министри Владислав Косиняк-Камыш операция соңку жылдардагы эң ири коопсуздук чараларынын бири болорун белгилеп, негизги максат – диверсияларды алдын алуу жана маанилүү объекттерди коргоо экенин айтты. Генштаб начальниги генерал Веслав Кукула кышкы мезгил жана Рождествого жакын убакыт диверсиялык аракеттер үчүн “ыңгайлуу учур” болуп калышы мүмкүн экенин эскертип, күчөтүлгөн көзөмөл зарылдыгын баса белгиледи.

Өкмөттүн маалыматына караганда, диверсияга байланыштуу 70тен ашуун адамга иликтөө жүрүп, 50дөн көбүнө расмий айып тагылган.

Польша Украинадан диверсияга шектелген адам тууралуу маалыматтар эл аралык системаларда белгиленбей калганын түшүндүрүп берүүнү талап кылууда. Ошол эле учурда премьер-министр Дональд Туск Владимир Зеленский менен сүйлөшүп, эки өлкө биргелешкен коргоо жана маалымат алмашуу тобун түзүү тууралуу макулдашканын билдирди. Тараптар акыркы окуяларда “орус изи” көрүнүп турганын белгилешүүдө.


Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар