Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨзгөчө кырдаалдар министрлиги республикалык командалык-штабдык машыгуу өткөрүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республикалык командалык-штабдык машыгуу өткөрүүдө

Баткен облусунда 11–13-март күндөрү Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын катышуусунда “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуу органдары менен күчтөрүнүн аракеттери” аттуу республикалык командалык-штабдык машыгуу өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгуу 2026-жылга карата даярдык планынын негизинде уюштурулган. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов белгилегендей, туруксуз аба ырайы жана көп жаан-чачын дарыяларда суунун деңгээлин көтөрүп, сел, суу ташкыны, кар көчкү, жер көчкү жана таш кулоо сыяктуу табигый кырсыктардын коркунучун жаратат.

Машыгуу максаты — өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда түзүмдөр аралык аракеттенүүнү күчөтүү. Иш-чара мамлекеттик органдардын координацияланган ишин чыңдоого, ыкчам чечим кабыл алууга, жарандардын өмүрүн сактоого жана материалдык чыгымдарды азайтууга багытталган.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар