Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдум 15-мартта өтөт

0
2895

Казакстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча республикалык референдум 15-мартка белгиленди. Тийиштүү жарлыкка өлкө президенти кол койду.

Документке ылайык, референдумга төмөнкү суроо коюлат: «2026-жылдын 12-февралында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган жаңы Конституциянын долбоорун кабыл аласызбы?»

Добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү милдети Борбордук шайлоо комиссиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жүктөлдү. Өкмөткө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга референдумду уюштуруу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Эске салсак, 21-январда өлкөдө Конституциялык комиссия түзүлгөн. Башында Баш мыйзамдын 77 беренесине (жалпы тексттин 84 пайызына) өзгөртүү киргизүү сунушталган. Бирок 29-январдагы талкуулардан кийин өзгөртүүлөрдүн көлөмү өтө чоң болгондуктан, жаңы Конституция кабыл алуу зарылдыгы белгиленген.

31-январда преамбуладан жана 11 бөлүмдөн турган, жалпысынан 95 беренени камтыган жаңы Конституциянын долбоору жарыяланган. 11-февралда комиссия документти референдумга чыгарууну сунуштаган.

Президент акыркы чечимди өлкө жарандары кабыл аларын бир нече ирет белгилеген.

Белгилей кетсек, Казакстанда акыркы референдум 2024-жылдын октябрында өтүп, анда АЭС куруу маселеси каралган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз