Оруссиянын Улуттук домен аталыштар системасы WhatsApp жана YouTube домендерин өчүрдү. Бул тууралуу орус басылмалары кабарлашты.
Тизмеден whatsapp.com жана web.whatsapp.com домендери, 10-февралда YouTube домени алынган. Натыйжада айрым түзмөктөр бул сервистердин IP-даректерин ала албай, аларга кирүү мүмкүн болбой калган. Учурда WhatsApp жана YouTube’га Россия аймагында VPN аркылуу гана кирүүгө болот.
Ошол эле учурда техникалык whatsapp.net домени жана кыска шилтемелер үчүн колдонулган wa.me домени тизмеде сакталган.
Эксперттердин пикиринде, чектөөлөр Telegram мессенжерине байланыштуу киргизилген болушу мүмкүн. Айрым адистер Роскомнадзордун техникалык жабдуулары бир учурда бир нече ири сервисти чектөөгө кубаттуулугу жетпей жатканын белгилешет.
Оруссия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков WhatsApp’тын иши Meta компаниясы орус мыйзамдарын аткарууга жана бийлик менен диалогго даяр болгондо гана калыбына келиши мүмкүн экенин билдирген.
10-февралда Роскомнадзор Telegram орус мыйзамдарын аткарбай жатканын жарыялап, мындан ары да ырааттуу чектөөлөр киргизилерин эскерткен.
Эске салсак, 2025-жылдын август айында Россияда Telegram жана WhatsApp аркылуу чалуу функциясына чектөө киргизилген. Жыл соңунда Роскомнадзор мыйзам талаптары аткарылбаса, WhatsApp толук бөгөттөлүшү мүмкүн экенин маалымдаган.

