whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолукБишкектеги Эне жана баланы коргоо борбору капиталдык оңдоодон кийин ишин кайра баштады

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борбору капиталдык оңдоодон кийин ишин кайра баштады

Бүгүн, 23-июлда Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык капиталдык оңдоодон өткөн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңыланган имараты кайра ишке берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

«Борборго барып, жамаат менен жолугуп, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын көрүп келдик. Ар бир палата, коридор, инженердик система, имараттын кире бериши — бардыгы заманбап стандарттарга ылайык жаңыланып, азыр бул жайда бейтаптар үчүн да, медицина кызматкерлери үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Акыркы жылдары өлкөбүздүн бардык аймактарында оорукана, төрөт үйлөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору курулуп, эски имараттар жаңыланып жатат. Мунун баары — ар бир жарандын ден соолугу мамлекет үчүн башкы артыкчылык экенин көрсөтөт.

Азербайжан мамлекетинин демилгеси менен дагы бир чоң салым кошулганы турат. Алгач бул долбоор Ысык-Көлдө курулат деп пландалган, бирок Кыргызстандын Президентинин Азербайжанга болгон акыркы расмий визитинен кийин, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бул оорукана Бишкек шаарында курулмай болду. Азыркы тапта даярдыктар жүрүп жатат, толук жабдылган, заманбап оорукана болуп калары күтүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар