Башкы беткеРубрикаларАймактарОшто буздурулган турак жай ээлерине кытайлык компания үй салып берет

Ошто буздурулган турак жай ээлерине кытайлык компания үй салып берет

Ош шаарында жолдорду кеңейтүүдө жана каналдардын жээгин ачууда турак жайы буздурулуп жаткан адамдарга кытайлык “Кунлунь” курулуш ишканасы 520 үй куруп берет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 23-июнда Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев “Кунлунь” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ван Чиан баштаган делегациялык топту кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Ага ылайык, кытайлык ишкана Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жер тилкесине 520 үй куруп бермей болду. Оштун мэри суук түшкөнгө чейин элди көчүрүп кетүүгө жетишүү керектигин айтты. Курулуш иштери 1-июлда башталат.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар