Башкы беткеРубрикаларДен соолукӨлкө боюнча В гепатитине каршы эмдөө иштери уланууда

Өлкө боюнча В гепатитине каршы эмдөө иштери уланууда

Кыргызстанда В гепатитине каршы масштабдуу эмдөө иштери уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрынан 2025-жылдын май айына чейин мамлекеттин каржылоосу жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өлкөгө 750 миң доза вакцина жеткирилген.

2025-жылдын 21-июнуна карата республика боюнча эмдөө пункттарында 72 159 доза бар, бул эмдөөнү үзгүлтүксүз улантууга мүмкүнчүлүк берери айтылат. 2024-жылы эмдөө курсун баштаган жарандар үчүн 2025-жылдын биринчи кварталында кошумча 55 миң доза алынган.

2025-жылдын 5-июнуна карата статистика:

  • 1-дозаны алган жарандар — 261 400 адам
  • 2-дозаны алган — 224 011 адам (85,6% биринчи дозаны алгандардан)
  • 3-дозаны алган — 177 534 адам (67,9%)

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар