Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. 

Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Толук маалымат менен төмөндөгү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4670

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар