Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПакистан менен Афганстандын ички иштер министрлери жолугушту

Пакистан менен Афганстандын ички иштер министрлери жолугушту

Пакистандын ички иштер министри Мухсин Накви жана Афганистандын ички иштер министринин орун басары Мухаммад Ибрагим Садр Тегеранда жолугушуп, эки өлкө ортосундагы соңку чыңалууну диалог аркылуу чечүү зарылдыгын белгилешти.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматына ылайык, жолугушуу Ирандын ички иштер министри Искандер Мумининин ортомчулугу менен Экономикалык кызматташтык уюмунун (ОЭК) ички иштер министрлеринин жыйынынын алкагында өткөн.

Жолугушуу маалында Пакистандын ички иштер министри Накви афгандык кесиптешинин колун кармап туруп мындай деди:«Ар бир үй-бүлөдө маселе болот. Биз да эки боордош мамлекет катары бардык көйгөйлөрдү сүйлөшүү аркылуу чечебиз».

Бул билдирүү соңку апталардагы чек арадагы куралдуу кагылышуулардан кийин эки тараптын мамилесин жумшартууга багытталган дипломатиялык кадам катары бааланууда.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар