whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИзраил Украинага аскердик жардам берип келгенин жарыялады

Израил Украинага аскердик жардам берип келгенин жарыялады

Израил Украинага аскердик жардам көрсөтүп, Patriot абадан коргонуу системаларын бергенин расмий түрдө тастыктады. Бул тууралуу Израилдин Украинадагы элчиси Майкл Бродский билдиргенин бир катар чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Элчинин айтымында, аталган ракетадан коргонуу системалары 1990-жылдары АКШ аркылуу Израилге жеткирилген жана кийинчерээк Киевге өткөрүлүп берилген:

«Биз бир кезде АКШдан алган Patriot системалары азыр Украинада. Биз аларды Украинага өткөрүп берүүгө макул болдук. Тилекке каршы, бул тууралуу көп айтылган жок. Бирок алар Израил аскерий жактан жардам берген жок деп айтышканда, бул туура эмес. Бул туура эмес», — деди Бродский.

Чет элдик басылмалардагы маалыматтарга ылайык, Израил буга чейин Украинага гуманитардык жана медициналык жардамдар көрсөткөнүн билдирип, бирок түздөн-түз аскердик жардам жөнүндө расмий маалыматтар өтө сейрек айтылып келген. Бул билдирүү Израилдин позициясында айрым өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турарын жазышат.

Патриот системалары — абадан коргонууда натыйжалуу саналган жана баллистикалык ракеталар менен учкучсуз аппараттардан коргонууга арналган комплекстер. Украин тарап азыркы тапта мындай системаларга өзгөчө муктаж экенин бир нече ирет билдирип келген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар