Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКытайда миңдеген динозаврлардын жумурткалары табылды

Кытайда миңдеген динозаврлардын жумурткалары табылды

Кытайдын борбордук аймагындагы Цинлуншань заповеднигинен 3000ден ашык катып калган динозавр жумурткалары табылды. Бул тууралуу ABC басылмасы жазды.

Адистердин айтымында, табылган жумурткалардын көпчүлүгү үч өлчөмдүү абалында сакталган жана дээрлик бузулган эмес. Бул ачылыш динозаврлардын көбөйүү стратегиясын жана жүрүм-турумун түшүнүүгө жаңы мүмкүнчүлүк берет.

Окумуштуулар 28 үлгүнү текшерип көрушкөн, натыйжада жумурткалардын жашы 86 миллион жыл экендиги аныкталды. Изилдөө жыйынтыктары Frontiers in Earth Science журналында жарыяланды.

Жумурткаларды кайсы динозавр түрү таштаганы азырынча белгисиз. Адистердин айтымында, бул табылга Цинлуншанды «байыркы дүйнөнүн сүрөтү» катары ачып берип, динозаврлардын климат өзгөрүшүнө кандайча ыңгайлашканын изилдөөгө өбөлгө түзөт.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар