Кыргызстанда президенттин демилгеси менен 2021-жылдан тарта бардык бейтаптарга гемодиализ бекер бериле баштаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.
Министрдин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө гемодиализ үчүн кезекке тургандар жок.
Осмонов бөйрөк оорусунун курчушуна жана гемодиализге муктаждыктын жаралышына көбүнчө кант диабети, кан басымынын жогорулугу жана жаш балдардын ангина оорусунун өтүшүп кетиши себеп болорун белгиледи.

