Курмадай болобу

0
5011

Орозо айында эң көп колдонулган жемиштердин бири – курма. Бул жемиштин касиети тууралуу эзелтеден түрдүү легендалар айтылып келет. Ал эми күндөлүк турмушта, өзгөчө ачкарын мезгилде курма менен оокаттануу пайдалуу экендиги жалпыга маалым.

Энергияны бат калыбына келтирет

Курма табигый канттарга же глюкоза, фруктозага бай. Күн бою ачка жүргөн организм ооз ачканда курманы бат сиңиргендиктен, энергияны табигый жол менен тез толуктайт.

Ашказанга жеңил

Курма ашказанды акырын ишке киргизет, тамакты жеңил сиңирүүгө көмөктөшөт.

Калий жана магний булагы

Бул минералдар жүрөктүн иштешин жакшыртып, организмдеги кан басымды туруктуу кармоого жардам берет. Айрыкча ысык күндөрдө организмдеги туз менен суунун тең салмагын сактоодо маанилүү роль ойнойт. Аптаптуу араб өлкөлөрүндө курманы көп колдонуунун сыры ушунда.

Ич катуунун алдын алат

Курма клетчаткага бай болгондуктан ичегинин ишин жакшыртат. Андыктан курма жеп туруу баарына сунушталат.

Иммунитетти бекемдейт

Курамындагы антиоксиданттар организмди эркин радикалдардан коргоп, жалпы иммунитетти чыңдайт. Анын үстүнө, ысык аптапта узак убакытта бышкан мөмө күндөн алган витаминге бай.

Аз кандуулукка каршы

Курамы темирге бай болгондуктан, курма аз кандуулуктун алдын
алат.

Канча өлчөмдө жеш керек?

Дарыгерлер,  диеталогдор курманы ашыкча колдонуу канттын деңгээлин көтөрүп жибериши мүмкүндүгүн айтышып, айрыкча кант диабети бар адамдарды этият болууга чакырышат.

Курма дарагы боюнча

Курма – жылуу климатты сүйгөн тропикалык жана субтропикалык өсүмдүк. Ал негизинен ысык аталган чөл жана жарым чөл аймактарында жакшы өсөт. Сауд Арабиясы, Иран, Ирак, Египет, Бириккен Араб Эмираттары, Тунис, Алжир курманын мекени. Бул өлкөлөрдө аба ырайы ысык жана кургак болгондуктан, курма мол түшүм берет.

Өсүшү

Курма дарагы +25…+45°C ысык аба ырайын жактырат. Суукка чыдамсыз – 5°Cден төмөн температурада жабыркап, суук алып кетет.

Кумдуу же жеңил, борпоңдүү топуракта жакшы өсөт. Туздуу жерге да салыштырмалуу чыдамкай болоору айтылат.

Тамыры терең кеткендиктен, кургакчылыкка абдан чыдамдуу. Ошентсе да мол түшүм алуу үчүн үзгүлтүксүз сугаруу талап кылынат.

Курма дарагы 4-8 жылда мөмө берүүнү баштайт. Толук түшүмдү 10-15 жылдан кийин берет. Бир дарак 60-80 жылга чейин жемиш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Курманын бийиктиги 20-30 метрге чейин жетип,  мөмөсү топ-топ болуп өсөт. Бир дарактан жылына 70-100 килограммга чейин түшүм алууга болот.

Айтор курма – ысык жерге ылайыктуу. Ал чөлдүү аймактарда да жашоого ыңгайлашкан өзгөчө жемиш
дарагы.

Сорттору жана түрлөрү

Курма дүйнө жүзүндө жүздөгөн сорттору бар. Алар даамы, түсү, көлөмү жана кургак же жумшак болушу менен айырмаланат.

Жумшагы – ширелүү, жаңы жегенге ылайыктуу.

Жарым кургагы – универсалдуу, узак сакталат.

Кургак – нымдуулугу аз, көбүнчө узак убакыт сактоо жана экспорт үчүн колдонулат.

Medjool – эң белгилүү жана мөмөсү ири сорту. Даамы абдан таттуу, жумшак жана ширелүү болгондуктан, аны көбүнчө “курмалардын падышасы” деп аташат.

Deglet Noor –  жарым кургак сорттогу, түсү ачык алтын түстө. Даамы таттуу, өзү жумшак болгондуктан көбүнчө кулинарияда колдонулат.

Ajwa – кара түстөгү майда мөмөлүү болуп, өзгөчө даамы менен айырмаланып, биздин өлкөгө да көп алынып келинет.

Табигый шириндиктер

Жаңгак кошулган шоколад курма.

Курамына:

Жаңы же кургак курма – 10–12 даана

70%дагы эритилген шоколад — 100 грамм

Жаңгак, бадам, кешью — 50 граммдан

 Жасоо ыкмасы:

Курмалардын ортосун ачып, данегин чыгарыңыз.

Ар бир мөмөнүн ичине жаңгактын данегин салыңыз.

Шоколадды эритип, курмалардын үстүнө куюп коюңуз.

Шоколад катуу болгуча, бир нече саат муздаткычта кармап, дастарконго берсеңиз болот.

 

Быштак кошулган курма.

Курамына:

Курма – 10 даана

Маскарпоне же жумшак быштак түрү – 100 г

Ваниль (ордуна карамель же чийки ваниль) – 1/2 чай кашык

Жасоо ыкмасы:

Курмаларды ачып, ичиндеги данегин чыгарыңыз.

Ар бир курманын ичине быштак жана ваниль кошуп толтуруңуз.

Десертти муздаткычта 30 мүнөт сактаңыз.

Курма менен банан кошулмасы

Курамына:

Курма – 4 даана

Банан – 1 даана

Сүт же бадам сүтү – 200 мл

Ваниль парашогу – бир аз

 Жасоо ыкмасы:

Бардык азыктарды блендерге салып, жумшак массага келтирүү керек

Бир аз гана  муздаткычка салып, ичүүгө болот

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз