Барсбек каган, элчилер Эрен Улук, Чаб Шатун Тарханга арналуу жазуулар

0
15003

XI кылымда жашап өткөн улуу бабабыз Махмуд Кашгари-Барскани түзгөн дүйнө картасында касиеттүү Ысык-Көл Жер шарынын борбору болуп көрсөтүлгөн. Эми ошол  дүйнөнүн картасы Бишкекте орнотула турган болду.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев билдиргендей, бул демилге Махмуд Кашгари-Барсканинин 1000 жылдыгына карата иш-чаралардын бир бөлүгү болмокчу. Иш чаралардын бири гана эмес, тарыхый аң-сезимди калыптандырууга, бизге таандык мурасты даңазалоого жана шаардын көркүн ачууга салым кошо турган керемет архитектуралык көркөм объект болмокчу.

«Кыргыз Туусу” гезити “Ынтымак Ордонун” бул идеясын байытуучу жана тарыхый эс-тутумга изги пайдасын тийгизет деп ишенген айрым сунуштарын кийинки санында баяндайт деп жазган эле (2026-жыл, 24-февраль, № 13). Ал кандай сунуш?

Кеп башынан болсун. Улуу Кыргыз каганаты доорундагы жазма эстеликтер элге кеңири белгилүү. Биздин элдин мамлекетинин тарыхый эстеликтери, документалдык далилдери. Энесай менен Абакан дарыяларынын ортосундагы Жой тоо кыркаларынын түндүгүндө, Койбалы өрөөнүндө Алтын-Көлдө эгиз таш эстелик табылган. Бири биринен бир нече кадам алыстыкта орнотулган, бири киши боюнан бийигирээк, бири андан жапызыраак бул балбал таштардагы рун жазуулары эки инсанга арналган. Ошол кездин салтына ылайык жазуунун автору биринчи жактын да, үчүнчү жактын да атынан жазган. Таш жазууларды изилдеген окумуштуулар алардын типологиялык жактан өтө окшоштугун белгилейт. Эки балбалдагы жазуулар рун жазмасына таандык, ошонусу менен калган таш жазуулардан айырмаланат. Изилдөөчүлөр эгиз таш балбалдардагы негизги белгилер аркылуу алардын бир мезгилде орнотулуп, андагы жазуулар бир учурда чегилгенин аныкташкан. Тамгаларды чегүү стилинин мүнөздүү окшоштуктарынан улам Алтын-Көлдөгү эгиз таштардагы ушул жазууларды чеккен усталар да башкалардан айырмаланаарын байкап, балким бир бедизчи, балким бир “мектепке” таандык адамдар жазган деп болжошот окумуштуулар Стелы золотого озера (С. Кляшторный. К датировке енисейских рунических памятников) // Turcologica. -Л. Наука. 1976).

Айтмакчы, азыркы илимде Орхон-Энесай рун жазуулары деп аталган жазма эстеликтер түрколог С.Е. Маслов текст-тердин фонетикалык, лексикалык, грамматикалык белгилеринен улам байыркы кыргыз жазуулары экенин далилдеген. Таш эстеликтердеги жазуулардын бири Барс бек каганга арналган. Экинчиси Эрен Улукка энчилүү жазуу. Эрен Улуг  төрт жолу сыртка элчиликке барып кайра келгенден кийин, Тибет каганына элчи болуп кетип, кайра мамлекетине кайтпаганы жазылган:

“Эрдемдүү болсар элинин, эрктүү элдин уулу, эр атым Эрен Улуг. Эр элим болсардын баатыр уулумун. Он ай көтөргөн энем. Уул туулдум, эр жеттим. Отуз сегиз жашымда баатыр элимден айрылдым. Элимди төрт тегерендим… Эрдигим үчүн мен Алтын капарга кирдим. Эрдигим үчүн Түпүт канга элчиликке бардым. Келтирдим” (Орхон-Енисей тексттери. – Фрунзе, 1982-ж. 172-бет). 693-жылы Барсбек экинчи Түрк кагандыгынын чабуулунун мизин кайтарган. Жеңилгенден кийин түрк каганы Элтериш кызын Барсбекке күйөөгө берип, аны каган деп таанууга аргасыз болгон. Бирок эки мамлекеттин мамилеси жакшы болгон эмес. 732-жылы өлгөн көктүрк кошун башчысы Тонукөккө арналган эпитафияда бул жагдай даана баяндалат: “…Табгач (Тан династиясы) каган жообуз эле, он ок элинин (түргөштөрдүн) каганы жообуз эле. Артыкча кыргыз каганы күчтүү жообуз болду” (Орхон-Енисей тексттери. – Фрунзе, 1982-ж. 172-бет ).

Кыргыздар түргөштөр менен табгачтард, Кытай жана Тибет өлкөлөрүн союздаш кылууга умтулат. Ал үчүн бир нече туш-тушка дипломатиялык миссияларды жиберип турган. Ал элчилердин бири жана атактуусу Эрен Улуг. Ал эми Энесай боюндагы Уйбат I аталган рун жазма эстелигинде Чаб Шатун Таркан аттуу адамды элчи катары түргөштөрдүн өкүмдары Караханга жиберилип, кайра элине кайтпаганы жазылган. Чаб Шатун Тархан элчини Барсбек каган жибергенин ошол эле окумуштуу С. Кляшторный
аныктаган.

710/711-жылкы кышында Барсбекке каршы жортуул жасаган Түрк кагандыгынын аскерлери Саян тоолорун, Көгмөн ашуусун ашып, кыргыздарга капыстан кол салышкан. Барсбек Суңа чер токоюнда болгон согушта курман болгон.

Илимде «Алтынкөл I» деген эстеликти буга чейин академик В.В.Радлов, атактуу түрколог С.Е.Маслов, окумуштуулар С.Г.Кляшторный жана И.В.Кoрмушин, түрк түрколог Хусейин Намик Оркун жана башкалар окуп, өз ойлорун айтышкан. Кийинки окумуштуулар да арбын изилдеп, болжолдуу которушкан.

Алтын-Көл 1 аталган эстеликтин, илимде Барсбек каганга арналган жазуунун тексти:

“1. Йердеки Барстегиме эрдемлигиме бөкмедим. 2. Атсар алп эртиңизин, утсар күч эртиңизин, Элиг Бөрт Опа Барс адырылым, йыту. 3. Укымыз Умай бегимиз, биз уйя алп эр өзин алты кыламадың, өзлек ат өзин үч кыламадың, йыта. Эзинчүме, көзүнчиме адырылдым сэчлэнимү ийүрдим мэн. 4. Он ай илтиди өгүм-д, келирти илимке эрдем үчүн мен эрледимд 5. Илим өкүнчүне калын йягыка кайматын тэгипэн адырылдым-а, йыта 6. Иниңизке ичиңизке ингэн йүки илз түшүртиңиз 7. Эр эрдем үчүн иним эчим уйярын үчүн бэңгүмин тикэ бэрти 8. Төртинлигү эртимиз, бизни эрклиг адырты, йыта 9. Алтун Суңа йыш Кэйики артгыл ташгыл атдачы Опа Барсым адырылу барды йыта”.

Кыргыз изилдөөчүлөрү да байыркы жазууну аутенттүү чечмелешкен, бири биринен көп айырмаланбаган, поэтикалык өзгөчөлүктөрго ээ түрдүү варианттары бар. Биз эң соңку котормолордун бири, Элери Битикчинин версиясын колдонсок, анда жазуу мындай окулат:

“Жердеги Барс тегиме

эрдемдигиме бөкбөдүм (тойбодум)!

Атышар алп элеңиз

Утушар күч элеңиз

Элиг Бөрт опа Барс

Айрылдым, ыйла

Түпкү энебиз

Умай Бегибиз

Биз уя алп эр

Өмүрүн алты кылалбадың

Күлүк ат жашоосун

Үч кылалбадың.

Ыйла!

Изимден, кенчимден айрылдым

Чечимдин артынан жүрдүм

Он ай көтөрдү

Энем, эй

Келерди эримге эрдем үчүн

Эр жеттим, эй!

Элим өкүнүчүнө калың жоого

Кайтпай жетип, айрылдым, ыйла!

Иниңизге, эжеңизге (абаңызга) жете ие турган түшүрдүңүз

Эр эдем үчүн

Иним, абам, уялаш үчүн

Мэңгини (түбөлүк эстелик) тике тургузду

Төртчүлүк болчубуз

Бизди Эрклик айрылтты, ыйла!

Алтын Суңа жыш

Кийигиң артып жашайт

Ата турган

Опа Барсым айрылып барды, ыйла!

Калтырдым.

Улуу Кыргыз каганаты доорундагы эң атактуу мамлекет башчысы Барсбекке жана анын элчилери Эрен Улуг менен Чаб Шатун Тарканга арналган таш эстеликтердин көчүрмөсүн да ордо калаабыздын көрүнүктүү жерине орнотсо туура болот деп эсептейбиз. Албетте, түшүнүксүз белгилер чиймеленген калдайган таштарды эптеп орното салууну айткан жокпуз. Демек биз сунуштаган туруктуу экспозициялар аткарган функциялары анык, эстетикалык, идеологиялык, таанып-билүү жүгү бар заманбап, көркөм объект болуусу абзел.

 Алмаз ОКИН

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз