Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров: Акыркы беш жылда берилген убадалар аткарылды

Садыр Жапаров: Акыркы беш жылда берилген убадалар аткарылды

Бүгүн, 27-февралда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы иштин жыйынтыктарына токтолуп, эл алдындагы жоопкерчилик тууралуу билдирди.

Мамлекет башчысы башкаруу командасы менен биргеликте маанилүү тарыхый этапты басып өткөнүн белгилеп, мындан беш жыл мурун берилген убадалар иш жүзүндө аткарылганын айтты.

«Бүгүн мен командам менен артка кылчайып, Кыргызстан элинин колдоосу менен 5 жыл мурун берген убадабызды аткардык деп сыймыктанып айта алам. Бул куру сөз эмес, ага конкреттүү жыйынтыктар, ишке ашкан ири долбоорлор, экономикалык көрсөткүчтөр жана бекемделген мамлекеттик институттар далил боло алат», — деди ал.

Президенттин айтымында, бул мезгил оңой болгон жок. Өлкө жетишкендиктер менен катар олуттуу сыноолорго, жаңы кыйынчылыктарга жана тарыхый окуяларга туш болду.

Ал беш жыл мурун өлкөдөгү абал татаал болгонун эске салды. Дүйнө коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен калыбына келип жаткан шартта глобалдык экономикалык байланыштар үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары, институционалдык алсыздык, бюджет тартыштыгы, инвестициялык активдүүлүктүн төмөндөшү жана айрым мамлекеттик органдардын ишинин басаңдашы байкалган.

«Жасалган иштердин эң башкы натыйжасы — элдин эртеңки күнгө болгон ишениминин кайтып келиши. Экономикалык туруктуулук жана мамлекеттик башкаруудагы тартип өлкөнүн социалдык милдеттенмелерин толук аткарууга жол ачты», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар