whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
31.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүМинистрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү

Кечээ, 1-июлда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Отурумдун күн тартибине ылайык, Министрлер Кабинети менен бир катар жоопкерчилиги чектелген коомдор менен түзүлгөн инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле Министрлер Кабинетинин токтомдорунун долбоорлору каралды.

Анда, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында генерациялануучу кубаттуулугу 1900 МВт күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу, күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Инвестициялык макулдашууну жактыруу максатында, МинКабдын токтомун кабыл алышты.

Бул багытта баяндама жасаган Энергетика министри Таалайбек Ибраев күз-кыш мезгилинде 3-4 млрд. кВт/саатка жеткен электр кубаттуулуктарынын жетишсиздиги өсүп жаткан учурда, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүү, Кыргызстандын энергетика тармагындагы негизги милдеттердин бири экенин билдирди.

Отурумдун соңунда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кабыл алынган чечимдердин үстүндө дыкат иш алып барууну тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине тапшырды, ошондой эле, укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун Президенттин Администрациясына киргизүүдө укуктук ченемдик актылар менен белгиленген эрежелерди сактоого чакырды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар