Нуржамал Алимбековна Калмаматова — поэзияда өз үнүн тапкан жаш акындардын бири. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Ал “Ырга айланган арзуу”, “Жүрөк тамырындагы от”, “Жан сырым” аттуу ырлар жыйнактарынын автору. Учурда Ош шаарында жашап, шаардык ооруканада мамлекеттик адис болуп эмгектенет.
ЭЧ КИМ МЕНЕН…
Жарышсам да жашайм деп мезгил менен,
Күрөшкөндөр болгондур мени менен…
Өз жолумда багытым улай берем,
Атаандашпайм өмүрдө эч ким менен.
Түйүн бардыр жашоомдо чечилбеген,
Адам бардыр таарынып, кечирбеген.
Мени кандай ойлосо, ойлой берсин,
Тирешпеймин а бирок эч ким менен.
Ийгиликтер жашынсын кезикпеген,
Бакыт-байлык бекинсин, кечикпеген.
Буттан чалып торосун каалагандар,
Касташпаймын турмушта эч ким менен.
Сөз айтармын кимдерге кечир деген,..
Наалыганды жактырбайм мээмди жеген.
Кандай уйгак аркамдан жармашса да,
Айтышпаймын арданып, эч ким менен.
Корксом мейли коркоюн чегирткеден,
Акыйкатты колдоймун эрким менен.
Ары-бери чайпалбайт акылдуулар,
Теңелбеймин тең келсе, эч ким менен.
Жашай берем жарышып мезгил менен,
Атаандашпайм өмүрдө эч ким менен.
СЕНИ ОЙЛОСОМ
Мейли мага түйшүгү оор, санаа бер,
Бул сезимдин азабына сала бер.
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн өчүрбөйм,
Жакшы адамым, жакшы бойдон кала бер.
Таарынгандай себеп деле болбогон,
Жол таппадык сүйүүбүздү коргогон.
Кабыл алып жазганы деп тагдырдын,
Жетпей калдык биз багытты болжогон.
Кудай мүмкүн окшоштуруп өзүмдөй,
Бир адамга жолуктурган өкүнбөй…
Экөөбүздү эки жээкке бөлсө да,
Коштошподук, бирок калдык көрүшпөй.
Көзүң карап, жетип сенин баркыңа,
Пейли сонун жолуккандыр бактыңа.
Сен жөнүндө ар качан да ойлосом,
Жакшы адамсың… кезиктиңби жакшыга?
Аялзаттын эң асылын тапкандай,
Арманы жок жашоо буйруп, айткандай.
Эмнегедир сени дайым ойлосом,
Элестетем сен бактылуу адамдай.
Сыймыктанып, жубайым деп ээрчитип,
Же жар салбай, көздөн оолак бекитип.
Жүрдүң бекен, мени унутуп, өкүнбөй,
Менден дагы жакшы адамга кезигип…
Сени ойлосом жүрөк кургур эзилип,..
Жашайт деймин жакшы жарга кезигип.
КӨҢҮЛ КАЛГАН СҮЙҮҮДӨН
Мезгил келбей өчүп сезим, түңүлгөн,
Жек көрөмүн адамымды сүйдүргөн.
Жүрөгүмдөн жогото албай жүрсөм да,
Көргүм келбейт, көңүл калган сүйүүдөн.
Учур таппай үмүт сынып, үзүлгөн,
Сезим уучтап куса тору сүзүлгөн.
Унутканмын, унутамын десем да,
Арылбадым азап сунган сүйүүдөн.
Торун жайып куса ороп үйүлгөн,
Жаркыраган оолак болдум күлкүмдөн.
Көрүнөмүн карегимде муң бардай,
Жүрөк ооруп, жүдөп бүттүм сүйүүдөн.
Өзгөрөмүн деген менен бүгүндөн,
Өрттөп барат санаа оту күйдүргөн.
Жамалымдан жарык өчүп жыгылып,
Жоголомбу деп ойлоном сүйүүдөн.
Тажап көңүл, талкаланып күтүүдөн,
Чөгүп барат сагынычтын сүрүнөн.
Сүйгөнүмдүн сүрөтүн да жек көрүп,
Жеңилгенмин мерез ушул сүйүүдөн.
Жек көрөмүн адамымды сүйдүргөн,
Көргүм келбейт, көңүл
калган сүйүүдөн.
ЭМНЕ ЖЕТСИН…
А өмүр чалып, жыгып жеңсе жеңсин,
Кайрылып бул жашоого келбейт эч ким.
Жакшылар менен жаркып, жүз көрүшүп,
Сыйлашып жашаганга эмне жетсин…
Убакыт канча саатым кетсе кетсин,
Ченелүү мезгил берип, жетпейт десин.
Асылдар менен толкуп, дидарлашып,
Сүйлөшүп, сырдашканга эмне жетсин.
Ким билет кетер күндүн эрте кечин,
Түбүнө тирүүлүктүн жетпейт эч ким.
Жан дүйнөң жакын көргөн адамдарга,
Кездешип, жолукканга эмне жетсин.
Жакшылар менен жаркып, жүз көрүшүп,
Сыйлашып жашаганга эмне жетсин…

