Суук тийүүдө. Үйүңүздө күнжүт бар болсо, сиз үчүн суук тийүү, сасык тумоо коркунучтуу эмес. Анын уругун байыртадан астма жана өпкө оорулары күчөп, дем алуу оорлогондо колдонуп келишкен. Күнжүт майын кебез таякчасына тамызып алып наристелердин кулагын тазаласа, жумшак жана зыян келтирбейт. Суук тийгенде жатар алдында майды 36-38 градус кылып жылытып, көкүрөк клеткасына сүйкөп туруп жылуу жууркан жаап койсоңуз, сыркоолуу тез айыгат.
Жыныстык чөйрөдө. Орто кылымда аялдар күй сайын бир кашык күнжүттүн уругун чайноо менен өзүлөрүнүн ден соолугуна кам көрүшкөн. Анткени ал аялдардын жыныстык системасына абдан пайдалуу. Уругу айыз келген учурда кандын агып чыгышын күчөтөт, андыктан этиеттеп колдонуу керек. Негизи күнжүттү кош бойлуу аялдарга сунушташат. Себеби анын курамындагы жогорку көрсөткүчтөгү кальций жана башка элементтер түйүлдүктүн өсүшүнө пайдалуу, келечектеги баланын башынын скелетин түзөт. Ошондой эле эмчек безиндеги кистаны жана башка суук тийген ооруларды басаңдатат.
Тамак сиңирүүдө. Ашказан сезимтал болсо, күнжүттү ченеми менен колдонуу керек. Ач карын колдонгондон жүрөк айланып, суусап, тамак сиңирүүчү былжырлуу система дүүлүгөт. Андыктан күнжүттү куурулган же балга кошулган түрдө колдонуу керек. Мындай шартта ал табитти да төмөндөтөт. Бирок арыктоо үчүн кошумча каражат катары колдонууга шашылбаңыз, көп колдонуу адамды семиртет. Аны өлчөмү менен колдонуунун эң мыкты жолу — үйгө пайдалуу күнжүт тузун жасап алуу. Тактап айтканда, тузга аралаштырып коюп, аны түрдүү тамакка кошуп пайдалана берүү. Күнжүт майы ич катууга жардам берет, ал эми сууга бышырылып, бал кошулган даны ич өткөктөн арылтат. Күнжүттүн майы данына караганда тамак сиңирүү системасына алда канча пайдалуу. Ашказан жарасы, гастрит, ич катууда бөлмө температурасындагы күнжүт майын 0,5-1 аш кашыктан күнүнө 3 жолудан ичүү керек.
Күнжүт диетасы. Күнжүт организмден токсиндерди мыкты айдап чыгат. 1 аш кашык күнжүттүн данын кофемолкага жакшылап майдалап алып, тамакка чейин 3 маал жетишерлик өлчөмдөгү суу менен ичүү керек. Белгиленген өлчөмдө катуу тартип менен ичсеңиз, ашыкча салмагыңыздан арылууга жардам берет.

