Башкы беткеМаанилүүШашылыш эскертүү: Кыргызстанда нөшөрлөгөн жамгыр жана кар күтүлөт

Шашылыш эскертүү: Кыргызстанда нөшөрлөгөн жамгыр жана кар күтүлөт

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 23-сентябрда күндүз жана 24-сентябрда түнкүсүн өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Айрым жерлерде нөшөрлөгөн жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт.

Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жана Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан-чачын күчтүү болот. Абанын температурасы төмөндөйт, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

ӨКМ жаан-чачындан улам ойдуң жана эңкейиш жерлерди суу каптоо коркунучу бар экенин эскертти. Жарандарга коопсуздук эрежелерин сактап, дарыя жана сайлардын жээгинен алыс болуу сунушталат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар