Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭми ID-паспортуңузду үйдөн чыкпай эле алмаштырсаңыз болот

Эми ID-паспортуңузду үйдөн чыкпай эле алмаштырсаңыз болот

Кыргызстандын жарандары эми ID-паспортун мамлекеттик мекемелерге барбастан онлайн алмаштыра алышат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Урмат Камбаров билдирди.

«Биз жарандар үчүн ыңгайлуу жана заманбап кызматты ишке киргиздик. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу арыз тапшырып, фото-идентификациядан өтүп жана мамлекеттик төлөмдү онлайн төлөп, паспортту жаңыртууга болот. 1–3 күндүн ичинде документтер текшерилип, жаран жаңы паспортун өзү тандаган КТБдан ала алат»,— деди Камбаров.

Паспортту онлайн кантип алмаштырса болот?

«Түндүк» тиркемесине кирип, «ID-картаны алмаштыруу» бөлүмүн тандаңыз.
Алмаштыруунун себебин көрсөтүңүз (мисалы, жоготуу, бузулуу, мөөнөтү бүтүү ж.б.).
Фото-идентификациядан өтүңүз.
Паспортту алуу үчүн ыңгайлуу КТБны тандаңыз.
Мамлекеттик төлөмдү онлайн төлөңүз.
Арыз текшерилгенден кийин жаранга билдирүү келип, ал жаңы паспортун ала алат.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар