Манат Бообекова акын, журналист. Чыгармалары жаштайынан гезит-журнал беттеринде жарык көрүп келет. «Муктар Ауэзов жана Кыргызстан» китебин түзүүчүлөрдүн бири. «Алыкул» энциклопедиясына кирген. Эл аралык Түрксой алтын медалынын ээси. Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Саптары эсти оодарган акын
Манат Жумадыловнанын ушул колуңуздардагы жети ырында жети ой, жети мейкиндик. Ашыкча сөзү жок айта турган ою терең. “Сай ташынан шаркыратма оргуса, күрр-шарр этип күбүрүнө толгуча. Томолонуп ай артынан күн чыгат, Мезгил көчү кыш өрдөтүп тоңгуча” деп айтылган мезгилдин ылдамдыгы эсиңди оодарат. Ырынан дайранын шары угулган казактын залкар акыны Мусагали Макатаев жалт этет. Ата Мекендик согуш тууралуу “Эгер ошол кандуу согууш болбосо , Айылыбыз ак ордолуу шаар болмок” деген сабында өзүнчө поэма жатат. Ошол согушта каза болгон кыргыз жигиттери баары тең аман-эсен болгондо бүгүнкү күндө балким 20-30 млн миллионго жетип калмакпыз. “Мен жылмайсам” аттуу ырында автор жылмайса тулаң чөптөр аска да жылмайып, булбул сайрап, гүл ажарын ачып, мөлтүр булак шаңгырап, жел тентектенип булуттарды кубалаганы окурмандын жан-дүйнөсүн аралайт. “Мен жылмасам суйкаярбы ай дагы, Түнөгүнө түндүн барсам жайдагы. Терсемби дейм сууну жээктеп, ай ээрчип, Ыр берметин жылмайттырган сайдагы”.
Өзүнүн ысымы айтып тургандай окурмандарга манат саптарды тартуулаган авторго ак жол каалайбыз.
Карбалас Бакиров, Кыргыз Эл акыны
Манат Бообекованын ырлары:
Ай жылдардын этегине жармашып,
Илешкен бир илдет менен кармашып.
Өттү күндөр өмүрүмдүн чаңында,
Жаштык кезим жашык күзгө алмашып.
Жашыл өрөөн бураң белдин артында,
Кыял дүргүйт көксөттүрүп чалкыма.
Жапыз өскөн түбү бекем сөксөөлдөй,
Сүрүп келем окшош күндү калкыма.
Калкыйт өмүр агымында тирликтин,
Көралбастын кеп сөзүнө ийиктим.
Ошентсе да жеңилбестен көөдөндү,
Өйдө кылып бир тепкичке бийикмин.
***
Тоо боорунан сыдырылган булактай,
Так секирген марал өтсө кылактай.
Торгой ыры жумшак желге дирилдеп,
Табиятты аруулантат кынаптай.
Сай ташынан шаркыратма оргуса,
Күрр-шарр этип күбүрүнө толгуча.
Томолонуп ай артынан күн чыгат,
Мезгил көчү кыш өрдөтүп тоңгуча.
Табияттын илебине мас болуп,
Адам кызык кээде кетет жаш болуп.
Бирок, аттиң мүрзөлөрдү кооздошот,
Жасалма гүл чамбар коюп, таш жонуп.
Жолго чыккам таң куланөөк салганда,
Айылдагы бала кезги үйүмөн.
Бакыт издеп кетти дээрсиң тек гана,
Дирилдеген кубанычтуу үнүмдөн.
Ооба, бакыт жолдо күтүп тургансып,
Энем берген баштыгымды кучактап.
Кадамымды тез-тез шилтеп шыктанып,
Күүлөп алгам өзүмдү өзүм кубаттап
Чыйыр салып күндү көздөй беттедим,
Башатына мээнет менен баш багып.
Барактарын өмүр деген дептердин,
Ачтым дагы не жазсам, деп апкаарып.
Кайталанбас жаштыгымдын күндөрүн,
Келген эле махабатка байлагым.
Кыска өмүрдөй өчкөн менен күдөрүм,
Шарактаган чоң чайнектей кайнадым.
Өттү жаштык илинчеги табылбай,
Издебедим ичимден тап бекидим.
Жаптым, актай калды барак жазылбай,
Күндү узатып, ай артынан ээрчидим.
Энем берген баштыгым да жоголуп,
Баштык тиктим берерге эч ким таппадым.
Жалкы жашоом изденүүдөн торолуп,
Өмүрүмдүн акыбетин актадым.
Казак акыны Мукагалиге
Гүл бак аралап, ойго баткандай,
Мукагали акын келе жаткандай.
Күн көзүндөгү нурлар «жылт» этет,
Тутантып туруп, алоо жаккандай.
Эргий баштадым көңүл башкача,
Шоокуму көлдөй булактай таза.
Шылдыр үнүнөн бир мукам обон,
Ыргакка салып коштойт айлана.
Бариги жаздын бутактан жанып,
Күнөстөп өсөт таажысын тагып.
Акындын ыры аралайт улам,
Желаргы сүрөйт кучагын жайып.
Жоктотпой акын ырлары чачпак,
Коңгуроо добуш, булуттай аппак.
Жигиттей өткүр, кыз наздуу эрке,
Турна канаттуу тизилген сап-сап.
Чаңкатат ыры сүңгүтүп ары,
Угулат ырдан дайранын шары.
Өзүмө келбей азгырып муза,
Өчкөнчө турдум кыялдын шамы.
Дүңгүрөп тоолор жаркылдап асман,
Чагылган ойноп, шолоктоп жааган.
Домбура доошу жаңырыгындай,
Акынды даңктап жаңырды аалам.
Жандырсак кептин оролун жанып,
Табият өзү акылга салып.
Жашартып обон ырында жашап,
Калганын көрчү койнуна алып.
Таазим
Кылым толоор жылдар калды санасаң,
Карт тарыхка кайрылып бир карасаң.
Кыл чайнашкан мекен үчүн согушта,
Тайманбастан окко төшүн кадашкан.
«Кайтып келем күт мени», – деп антташкан,
Жапжаш жарын жаңы эле кол кармашкан.
Ак тилегин айлуу түнгө табыштап,
Кайтпай калды канча эр жигит кармаштан.
Ооруктагы эже, жеңе, энелер,
Ошол кездин күч-кубаты элеңер.
Жарыңардан кара кагаз келсе да,
Өмүр бою күтүп жүрүп кеттиңер.
Башы эсен, боору бүтүн эч ким жок,
Бирок бүгүн майрам шаңы көңүл ток.
Эгер ошол кандуу согуш болбосо,
Айылыбыз ак ордолуу шаар болмок.
Тынч өмүрдү жашообузга кандырып,
Арнап берген ушул доорду жаз кылып.
Шейит кеткен аталарды унутпай,
Жүрөлүчү таазим кылып баш уруп.
Жаз дүйнө
Жазгы тамчыдан бир обон чыгат,
Кылайган жаңы бүчүрдү сылап.
Куюлат ылдый көбөйгөн сайын,
Санагын жазбай убакыт жылат.
Булут асманды ак кийиз кылып,
Көгүш түсүнөн өзгөртөт сызып.
Шамалы айдаса удургуй барып,
Түрлөнөт түрмөк толкундай ызгып.
Мелтейет тоолор ак тонун чечпей,
Жорголоп барат жазгы баар жээктей.
Этеги жашыл бүчүрлөп дарак,
Мезгилдин шарты ушул дегендей.
Тамчы коюлап айланат күүгө,
Жаңы төрөлгөн наристе үйдө.
Ыңаалап жатса, бешик термелип,
Дүйнө жаңырып жаткандай мүлдө.
Мен жылмайсам
Мен жылмайсам күн жымыйып асманда,
Кубангандай тулаң чөптөр, аска да.
Булбул сайрап кең ааламды багынтып,
Камдангансыйт гүл ажарын ачканга.
Мөлтүр булак жылжып агып коолордон,
Булбулга үндөш улар шаңшып тоолордон.
Сур булутту айдагансыйт ар жакка,
Жортуп жел да тентектигин койбогон.
Мен жылмайсам суйкаярбы ай дагы,
Түнөгүнө түндүн барсам жайдагы.
Терсемби дейм сууну жээктеп, ай ээрчип,
Ыр берметин жылмайттырган сайдагы.