Кыргызстанда билим берүү тармагында иштегендердин, анын ичинде бала бакчанын тарбиячылары менен алардын жардамчыларынын айлык акысы 2026-жылы жогорулатылат. Бул тууралуу билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 22-сентябрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эмгек акы көтөрүү эки баскыч менен ишке ашат — апрелде жана октябрда. Министр бул кадам мамлекет башчы Садыр Жапаровдун дагы убадаларынын бири экенин белгиледи. Бирок азырынча айлыктын канча пайызга өсөрү так айтылган жок.
Учурда мугалимдер орточо эсеп менен 24 миң сом айлык алышат. Республика боюнча 2397 мектеп иштеп, анда 80 миңден ашуун мугалим эмгектенет, 1 миллиондон ашык бала билим алууда.

