Кыргызстанда электрондук декларациялоо борбору курулат

Кыргызстандын Бажы кызматы электрондук декларациялоо борборунун пайдубалына капсула салуу аземин өткөрдү.

Жаңы борбор “Смарт Бажы” санариптик трансформация программасынын алкагындагы негизги объектилердин бири болуп саналат. Аны ишке киргизүү менен товарларды толугу менен электрондук форматта тариздөө камсыздалып, процедураларда адам факторунун таасири минималдашат.

Маалыматка ылайык, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары бардык керектүү документтерди онлайн режиминде, жеке кабинет аркылуу тапшыра алышат. Бул өз кезегинде процесстерди тездетип, бизнес үчүн шарттарды жеңилдетет.

Долбоор “Смарт Бажы” улуттук программасынын акыркы этабы болуп эсептелет. Анын негизги максаты — Кыргызстанда ачык-айкын жана заманбап технологияларга негизделген бажы системасын түзүү.

Белгилей кетсек, борбордун курулушу республикалык бюджеттен каржыланбайт. Долбоорду Государственная таможенная инфраструктура ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсебинен, көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешелер аркылуу ишке ашырууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз