Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысына райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилип, аким Данияр Шейшеканов өткөн жылы аткарылган иштер тууралуу баяндады. Анын айтымында, 2025-жылы 11 социалдык объект курулуп, 128,5 чакырым жол салынып жана оңдолгон. Ошондой эле 5 айыл жана 1 шаар таза ичүүчү суу менен камсыздалган.
2026-жылга карата райондо дагы 19 социалдык объекттин курулушу пландалууда. Алардын катарына мектептер, бала бакчалар, спорт залдар жана фельдшердик-акушердик пункттар кирет.
Мындан тышкары, кубаттуулугу 600 кВт болгон “Курак-Тектир-2” чакан ГЭСи пайдаланууга берилди. Учурда ар бири 7,93 МВт кубаттуулуктагы “Ноокат-1” жана “Ноокат-2” гидроэлектр станцияларынын курулушу уланууда.
Ошондой эле райондо 12 ири ишкананы ачуу пландалууда. Алардын катарына кирпич жана асфальт-бетон заводдору, тигүү цехи жана жашылча-жемиш сактоочу заманбап кампа кирет.
Бул долбоорлор аймактын инфраструктурасын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.
