whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБилим берүү тармагындагы укук бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Билим берүү тармагындагы укук бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты төмөнкүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында укук бузууларды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болуп саналат:

—     билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары;

—      билим берүү чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

—      билим берүү уюмдары;

—     окуп жаткандардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү).

Ошентип, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин (мындан ары – УБК) төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликти бекиткен ченемдер менен толуктоо каралган:

—         билим алуу укугун жана билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана эркиндиктерин бузуу же мыйзамсыз чектөө;

—            мамлекеттик, муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алуудан негизсиз баш тартуу;

—     мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу жана психологиялык кысым көрсөтүү.

Ошондой эле, Мыйзам менен ички иштер органдарына бул укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды берген УБКнын 456-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар