Орусиядан 6 миңге жакын чет элдик чыгарылат

Орусиянын Ички иштер министрлиги март айында жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында өлкөдөн 6 миңге жакын чет элдик жаранды чыгаруу чечими кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Ирина Волк маалымдады. Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында дээрлик миңге жакын кылмыш иши козголгон.

Рейддер учурунда издөөдө жүргөн 138 адам аныкталып, дагы 7,7 миң чет элдик жаранга Россияга кирүүгө тыюу салынган. Ошондой эле 48 миң административдик мыйзам бузуу фактылары катталып, 26 миңден ашуун мигрант жоопкерчиликке тартылган. Алардын 24 миңи милдеттүү түрдө дактилоскопиядан жана сүрөткө тартуудан өткөн.

Иш-чаралар өлкө боюнча жүргүзүлүп, ага Ички иштер министрлиги, Федералдык коопсуздук кызматы жана Росгвардия өкүлдөрү катышкан. Жалпысынан 130 миңден ашуун объект текшерилип, рейддерге 60 миңге жакын полиция кызматкери тартылган. Маалыматка ылайык, текшерүүлөр транспорттук инфраструктура объектилеринде, базарларда, кампаларда, өндүрүш аймактарында жана чет элдик жарандар жашаган жерлерде жүргүзүлгөн. Мындан тышкары заманбап техникалык каражаттар, анын ичинде учкучсуз аппараттар колдонулган.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Россиядан 72 миң чет элдик жаран чыгарылган.

Ошондой эле Мамлекеттик Дума мигранттарды депортациялоонун негиздерин кеңейтүүнү карап жатат. Эгер мыйзам кабыл алынса, мындай негиздердин саны 22ден 43кө чейин көбөйүшү мүмкүн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз